Президент менен экстин эрегиши…

“Саясатта достук болбойт, кызыкчылыктар болот” деген сөздүн чындыгын Атамбаев менен Жээнбеков окуясы дагы бир жолу ырастады. Эки “достун” ортосундагы саясатка байланышкан чатак ырбап, “сөөк өчтү душманга” айлануу алдында турушат.

Эгерде атамбаевчылардын 27-апрелдеги жыйынында айтылган Жээнбеков менен сүйлөшүү сунушу ишке ашпаса, анда жарака ого бетер кеңейип, эки тарап бири-бирин жоготууга ачык багыт алышы толук ыктымал.

Эки тараптын бири-бирин жоготуу аракети азыр да жүрүп жатат. Бирок ал маалымат каражаттарында. Өзгөчө Атамбаевге жакын маалымат каражаттары (ал бир нече жаңы сайттарды ачкан. Акчасы көп болгондуктан орус саясат таануучу жана журналисттерин да жалдап алганы байкалат) Жээнбековду болушунча каралап, жаманатты кылууга аракеттенүүдө. Алар жеке Жээнбековго асылып эле калбай регионализм, трайбализм илдеттерин козутуу үстүндө да катуу иштеп жатышат.

Өлкөнү дестабилдештирүү жана калкты чыңалган абалга жеткирүү максатында ар кай жерге коюлган бомбалар тууралуу жалган маалыматтар тынымсыз таратылып, шектүү жагдайларда базарлар өрттөлүүдө. Чек арадагы окуялар көбүртүп-жабыртылууда.

Андан сырткары Жээнбековду “досун сатып кеткен” адам катары сыпаттап, аны моралдык жактан басынтуу, тепселөө, ишенүүгө болбой турган адам катары көрсөтүүгө аракет жасалууда.

Булардын баары Жээнбековдун алапайын кетирип, алсыз, эч нерсеге жарамсыз, саткын адам катары көрсөтүүгө тийиш.

Жээнбеков “досу” тарабынан жасалып жаткан мындай чабуулдарга чоң маани берип жатканын 3-майда Ысык-Көлгө жасаган сапарында байкатты. Анда ал “Ыгы келсе да, келбесе да чагымчыл максатта “түндүк-түштүк” маселесин көтөрүп жаткан топтор бар. “Түндүк-түштүк” маселесин таңуулап жаткандарды – бул кутман элибизди ичтен иритип, өзүнүн бузуку саясатын жүргүзгүсү келгендер деп баалайм! “Түндүк-түштүк” маселесин жабыштырып, жок жерден таңуулап жаткандарга чара көрүлөт!”деди. Жээнбеков ошондой эле “үй-бүлөлүк башкарууга” жол бербеймин деп кайра-кайра убадалады.

Жээнбековдун минтип “селт” этишине эмне себеп болду. Эмне үчүн ал мурдагыдай эле камырабастан, сыр алдырбастан маалымат кызматы аркылуу реакция жасап койгон жок?

Чочулай турган жагдай пайда болдубу?

Ал жагдай жаңы өкмөттү түзүүдө жана башка кадрдык дайындоолордогу алашемдиктер сын көз караш менен кабыл алынышы менен пайда болдубу? Же Атамбаевдин “жең ичинен” жасаган аракеттери жемиш берип, регионалисттик “кара күчтөр” анын айланасына кайра топтоло баштадыбы?

Атамбаев маалымат фронтунда эле эмес, бир региондун таасирлүү адамдарын топтоо аракетин да жасап жатканы маалым. Бул анын Нариман Түлеевди өзүнө тартуу аракети менен айкындалды.

Нариман Түлеевдин айтымында, Атамбаев ага бир болууну сунуштаган. Бирок ал андан баш тарткан.

“Майга жетпей калып сасык экен” деген мышыктай атамбаевчылар дароо аны жокко чыгарып, Түлеевдин кечирим сураган катын 4-майда жарыялап жиберишти.

Бул окуялар жана тенденциялар Жээнбеков жана Атамбаев чечүүчү мезгил алдында турганын айгинелейт. Алар экиге бөлүнгөн КСДПчылардын кысымы менен сүйлөшүүгө барып, партиянын монополдук бийлигин сактоого киришет же биротоло келишкис душманга айланышат…

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар