Президент болом дегендер азайа баштады

Президенттикке ат салышкандар катары суюла баштады. Биринчилерден болуп Анвар Сартаев жана Нусрэт Мамедов арыздарын кайра кайтарып алганын БШК 3-августа маалымдады.

Ошону менен  талапкер болобуз дегендер саны 57 болуп калды. Жалпысынан 59 жаран талапкер болуу үчүн БШКага арыз берген эле.

Шайлоо өнөктүгүнүн экинчи бөлүгүндө кол топтоо, тил сынагынан өтүү жана 1 млн. сом күрөө төлөө сыяктуу татаал маселелер бар. Президенттикке аттангандардын баары эле бул тоскоолдуктардан өтө албайт…

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар