Парламентте интрига күчөдү. Төрагалык үчүн…

Жогорку Кеңештин азыркы төрагасы Чыныбай Турсунбеков президенттик шайлоого талапкер катары катыша коет элем деп, КСДПнын анабашыларынын кыжырына тийип алган жайы бар.

Анын КСДПдан президенттикке мен талапкер болот элем деп, Сооронбай Жээнбековго каршы чыкканы баарынын эсинде турат. “Акырында кимдин жылмайарын көрөбүз” деп бааланган Чыныбай Турсунбековдун азыркы абалы “мүйүздүү болом деп кулагынан ажыраптыр” дегендей  тейде турат. Ошондуктан “атыла элек аюдай” болгон төраганын ордуна түрүнүп тургандардын тизмеси арбын.

Ал тизменин башында КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов турат. Ал шайланган президент Сооронбай Жээнбековду абдан жакындан жандап жүрөт. Жээнбеков деле Өмүркуловду бекеринен жанына жакындатпаса керек. Анткени алдыдагы түркүн саясий  оюндарда, күрөштөрдө  Чүй кланынын  таасирлүү өкүлдөрүнөн болгон Өмуркуловдун Сокеге пайдасы тийсе тиет, зыяны тийбейт.

Жаштык кылып, бир нече катачылыктарды кетирип жаткан Сапар Исаковдун ордуна да Сооронбай Жээнбеков тажрыйбалуу Иса Өмүркуловду ылайык көрүп жаткан болуш керек…

Бирок президент Атамбаев Иса Өмүркуловго анча ичи чыкпай,шайлоодо Чүйдөн, андан ары кичи мекени Ысык-Атадан дурустап добуш чогулта албады деген нааразылыгы бар экен. Чындыгында эле Сооронбай Жээнбеков Чүйдө Бабановго утулуп калды. Маселен, Ысык-Ата районунда  Жээнбековго 34%, Өмүрбек Бабановго 55%, жалпы Чүй облусу боюнча Жээнбековго 37.26%, Бабановго 49.7% добуш берилген.

Алмазбек Атамбаев парламент төрагалыгына “Бир бол” фракциясынын мүчөсү Аскарбек Шадиевди ылайык көрүп жатканы маалым болууда. Шадиев президент Атамбаев менен абдан жакын болуп, анын сырткы сапарларында да жанынан чыкпай коштоп жүргөнү маалым. Бирок да добуш берүүгө келгенде Шадиевдин добуш алышы кыйынчылык жаратат деген ой бар. Анткени ал парламенттеги чакан фракциянын мүчөсү. Ошондуктан ага КСДПнын “киттери” оңой менен жол бериши кыйын…

Эгерим Атамбаев өзү эле президенттик шайлоодогудай  жиреп кирбесе, Шадиевдин шайлануу шансы аз.

КСДПдан төрагалык үчүн Иса Өмүркуловдон сырткары Төрөбай Зулпукаров, Кожобек Рысбаев сыяктуу эрендер да күрөшкө түшүүгө даярдыгын билдирип,  спикердин креслосун өзүнө ылайыктап көрүп жатканы айтылууда.

 

There is one comment

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар