Ошто 6 кг. гашиш менен жаран кармалды

10-августа Ош шаарында “Матиз” автоунаасын айдап бараткан 49 жаштагы М.Б. аттуу жаран  токтотулуп, унаанын арткы отургучунан 7 таңгак алынган. Ал экспертизада 6 кг. гашиш экени аныкталды.

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын ИИМ 11-августа кабарлады. Кармалган адам абакка салынып, анын шериктерин аныктоо иштери жүрүүдө.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар