Орустар менен жөөттөр жөөлөшкөндө…

17-сентябрда Сирия асманында Орусиянын Ил-20 учагынын атып түшүрүлүп, 15 аскердин каза болуусу Орусия менен Израилдин мамилесин өтө татаалдаштырды жана курчутту.

Бул окуяны адегенде “кокустук” дегендей баалаган президент Владимир Путин соңунда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун артынан кетип, Израилдин Сирия асманында каалагандай учуп, каалаган жерин бомбалап, ракета менен сокку уруусуна чек кое турган кадамдарга барды.

24-сентябрда Орусия Сирияга эки жуманын ичинде С-300 абадан коргонуу системасын орнотуп берери маалымдалды. Андан сырткары Москва Сирия асманында радиотоскоолдуктарды жасап, чет өлкөлүк аскерий учактардын чабуулдарын чаташтыруу аракетин жасамакчы.

С-300 Израиль учактарынын Сирияны каалагандай бомбалап, ракета менен аткылоосуна чек коюш керек. 250 чакырым алыстыкты аткылай алган С-300 ага жарай турган күчтүү курал катары сыпатталат.

Сирияны С-300 менен куралдандыруу эмнеси менен опурталдуу?

Эгерде Сирия С-300 менен Израиль учагын атып түшүргөн болсо, анда Израиль Сирияга абдан катуу чабуул жасалышы ыктымал. Бул өз кезегинде чоң регионалдык, ал эмес дүйнөлүк капсалаңга алып келүүсү менен опурталдуу.

Анткени Сирия артында Орусия, Иран турса, Израилдин артында Кошмо Штаттар турат.

Москва, Путин жөөт мамлекети менен жакшы мамиледе болууга көп аракет жасап келди. Анын себеби жөөттөрдүн дүйнөдө, өзгөчө Кошмо Штаттарда абдан таасирдүүлүгүнө барып такалат. Алар финансы, маалымат, чалгын, технология жагынан дүйнөдө алдына ат салдырбайт.

Ошондуктан Орусия менен Израилдин мамилесинин татаалдашуусу Москвага каршы финансылык, маалыматтык согуштун дагы да күчөшүнө алып келеринде шек жок. Дал ушуга жол бербеш үчүн Путин көп аракет жасап, Израиль премьер-министри Нетанияху менен “кол кармашып” келген эле…

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар