Орусияда мыйзамдуу эмгектенген кыргыз мигранттарынын саны канча?

Орусиянын Этносаясий жана регионалдык иликтөө борборунун маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө карай мыйзамдуу түрдө эмгектенип жаткан Орусиядагы кыргыз жарандарынын саны 361 миң кишини түзөт. Тажикстандыктар 537 миң, өзбектер 1.4 млн., украиналыктар 504 миңге жетет.

Орус-украина мамилеси начарлаганга байланыштуу украиналык мигранттар кыскарып, алардын ордун Орто Азиядан баргандар басмакчы.

“НГ”нын маалыматы боюнча, легалсыз эмгектенген мигранттардын саны кыскарып жатат. Азыркы мезгилде эмгек мигранттарынын 70% расмий уруксат алып иштешүүдө. Беш  жыл мурун алардын саны 50% болгон.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар