Орусияда Кыргызстан айдоочу күбөлүгү жарабай калды

1-июндан тарта Орусиянын аймагында Кыргызстанда берилген айдоочу күбөлүгүн колдонууга чектөө киргизилди. Буга байланыштуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Орусия мындай чараны 2013-жылы кабыл алып, андан кийин аны күчкө киргизүүнү 2017-жылдын 1-июнуна чейин узартып келгенин эске салат. Бул мезгилдин ичинде кыргыз жарандарынын айдоочулук күбөлүгүн орусиялык күбөлүккө алмаштырып алууга убактысы жетиштүү болду деп эсептейт.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар