Орусияда илбирстердин болжолдуу саны эсептелди. Кыргызстандачы?

Жапан табийгатты коргоо боюнча эл аралык фонддун эсеби боюнча, 2017-жылга карай Орусиянын аймагында 70тей илбирс калган. Алар Алтай, Тува жана Буратия аймактарында жайгашкан.

Кыргызстанда ар кандай эсептер боюнча 250-300 илбирс калганы айтылып келет. Республикада илбирстер Тянь-Шань жана Памир-Алай тоо кыркаларында жүрөт. Илбирсти жана анын экосистемасын коргоо боюнча глобалдык программа август айында Кыргызстанда эл аралык конференция өткөрүүнү белгилеген. Ага 12 мамлекеттин өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар