Орусияда айдоочу күбөлүгү боюнча сүйлөшүү болот

Өкмөттүн маалымдоосуна караганда, өкмөт Евразия экономикалык биримдигине кайрылуу жасады. Анда Москванын чет өлкөлүк айдоочулар күбөлүгүн Орусиянын аймагында колдонууга тыю салган мыйзамды кароо сунушталды. Мыйзам быйыл 1-июндан тарта күчүнө кирди.

Кыргыз өкмөтү түзүлгөн кырдаал боюнча орус өкмөтү менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү  да жүргүзүп жатканын өкмөт бейшемби күнү маалымдады.

Орусиянын өз аймагында Кыргызстан жана башка чет өлкөлөрдө берилген айдоочулук күбөлүктү жараксыз деп табышы менен миңдеген кыргыз жарандарынын Орусия аймагында транспорт менен ишкерлик жүргүзүүсүнө, айдоочу болуп жумушка орношуусуна чек коюлат.

 

There is one comment

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар