Орусияда 20 мыкты университет аныкталды

Москва шаарындагы ЖОЖдордон мыкты 20лыкка Орусиянын ТИМинин алдындагы МГИМО, Н. Э. Бауман атындагы  Москвадагы мамлекеттик техникалык университет ,  М. В. Ломоносов атындагы Мамлекеттик университет , МФТИ, НИТУ «МИСиС», НИЯУ МИФИ, Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы  И. М. Сеченов атындагы медициналык университет, Минздрава России, Орусия ө  кмөтүнүн алдындагы Финансы университети, президент алдындагы РАНХиГС,  И.М. Губкин атындагы мунай жана газ мамлекеттик университети, Н. И. Пирогов атындагы медициналык университет,  Элдердин достугу атындагы Орусия университети кирген.

Санкт-Петербургдагы ЖОЖдор арасынан Санкт-Петербург мамлекеттик университети, Улуу Петр атындагы Санкт-Петербург политехникалык университет, Санкт-Петербург маалымат-технологиялык, мехиника- оптикалык университети 20лыктын катарына кирген.

Региондордогу жогорку окуу жайлардан биринчи жыйырмалыкка Казан федералдык университети, Новосибирск мамлекеттик университети, Томск мамлекеттик университети, Томск политехникалык университети , Б.Ельцин атындагы Урал федералдык университети мыктылардын катарында.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар