Орусия жана Батыш санкциялык согушун улантты

Европа Биримдиги Орусияга карата санкцияларын 2018-жылдын 31-январына узартты. Орусиядан дароо эле ага жараша жооп болду. Орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Орусия Европа Биримдигинен азык-түлүк ташууга тыю салган санкцияны 2018-жылга чейин узарттарын, бул маселе президент менен сүйлөшүлгөнүн бейшемби күнү билдирген. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары жазып чыкты.

Орусия менен Европа Биримдигинин ортосунда санкциялык согуш 2014-жылы Украина кризисинен кийин башталган. Эки тарап андан баш тарта албай келатат.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар