Орусия: Ту-154 кыйроосуна башкаруудагы катачылык себеп болду

Мындай жыйынтыкка аба кырсыгын иликтеген комиссия келгенин Орусиянын коргоо министрлиги жарыялады. Бул тууралуу 1-июнда  орус маалымат каражаттары маалымдады. Ичинде музыканданттар, журналисттер жана доктор Лиза, жалпысынан 92 киши болгон учак өткөн жылы декабрь айында Сочиге жакын жерде кыйраган эле.  Учак Сирияга бараткан.

Комиссия учактын кыйроо себептерин иликтөөдө техникалык, май куюда жана жүк салууда эч кандай кынтык тапкан эмес.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар