Орусия Т-50 учагына жаңы ысым берди

2010-жылдан бери сыноодо учуп жаткан бешинчи муундагы Т-50 аскерий учагына Орусия Су-57 деген ысым ыйгарды. Бул учакты сериялык түрдө чыгара баштоо жакындап, келерки жылы Орусиянын Куралдуу Күчтөрү 12 учак алары маалым болду.

Су-57 бешинчи муундагы чабуул коюучу (истребитель) аскерий учак. Ал радарларга илинбей, аз байкалуусу үчүн композиттик материалдардан жасалган. Инновациялык технологиялар колдонулуп, аэродинамикалык өзгөчөлүктөргө ээ.

Кошмо Штаттар бешинчи муундагы Ф-22 (Раптор) учагын алда качан эле учуруп, кызматка койгон. АКШ учурда бешинчи муундагы экинчи Ф-35 учагын колдонууга киргизүүдө.

Орусияда бешинчи муундагы аскерий учак жасоодо АКШдан артта калып, бирок куйрук улаш баратат.

Дүйнөдө АКШ жана Орусиядан сырткары Кытай да бешинчи муундагы учагын асманга учуруп, сынап жатканы маалым.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар