Орусия шайлоосундагы интригалар…

Орусияда келерки жылдын март айында президенттик шайлоо болот. Анда азыркы президент Владимир Путиндин жеңип чыгышына эч ким деле күмөн санабайт. Анткени Путинди Орусия калкы абдан эле барктап, колдоп турат.

Бирок орус шайлоосунда аз болсо да интригалар пайда болууда. Биринчиден, коммунисттер мурункудай Геннадий Зюгановду талапкерликке көрсөтпөй, ишкер  Павел Грудининдин талапкерлиниен көрсөттү. Жаш, өз ишин мыкты билген Грудинин көпчүлүккө анча белгилүү болбосо да, өзүнүн айлана-чөйрөсүнө белгилүү жана абройлуу.

Коммунисттер баштаган солчул күчтөр аны катуу колдоп берсе, президенттик шайлоодо экинчи тур болуш ыктымал деген жоромолдор ошондон чыгууда.

Орус шайлоосунда чоң интрига Алексей Навальныйга байланыштуу болуп турат. 24-декабрда Москвада 750 адам катышкан жыйында Навальныйдын талапкерлиги көрсөтүлдү. Эми орус Борбордук шайлоо комиссиясы көрсөтүүнү туура деп тапса, анда Навальный 300 миң адамдын колун топтоого киришиш керек.

Борбордук шайлоо комиссиясы Навальныйды талапкер катары көрсөтүүнү кабыл албай коюшу ыктымал. Анткени анын соттуулугу бар. Бирок Навальныйдын юристтери анын шайлоого катышуусуна эч кандай юридикалык тоскоолдук жок. Анткени ал абакта эмес.  Абакта отургандар гана шайлоого катыша албайт деген жүйөөнү келтирип жатышат.

Алексей Навальный радикалдык оппозиция жана жаштар тарабынан колдоо таап жатат. Анын Владимир Путинге карай кескин оппозицияга чыгышы жана коркпой жатышы ага кадыр-барк алып келүүдө.

Ал эми Явлинский, Собчак сыяктуу либералдык талапкерлер “кыр аша” албасы баарына дайын…

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар