Орусия МС-21 учагын биринчи жолу учурду

Орусиянын маалымат каражаттары жакын жана орто аралыктагы МС-21 учагы Иркутскиде биринчи жолу 28-майда абага көтөрүлгөнүн маалымдашты. 3.5 миң чакырымдан 7 миң чакырым аралыкка чейин уча турган МС-21 СССР ыдырагандан кийин Орусиянын өзүндө иштелип чыккан экинчи учак болуп калды. Буга чейин Орусия SSJ-100 учагын жасап, ал учурда колдонулуп жатат. Жаңы учактын фузеляжи жана канаттары композиттик материалдардан жасалгандыктан  ал жеңил болуп, күйүүчү май үнөмдөлөт.  SSJ-100 учагына 108 жүргүнчү батса, МС-21 учагына 211 чейин жүргүнчү батат.

МС-21 учактарын биринчи болуп Аэрофлот сатып алмакчы. Ал 50 учак сатып алуу ниетин билдирген. Жалпысынан 285 даана учак сатып алууга буйрутма бардыгы кабарланган. Аэрофлотто бул учактар 2019-жылдан баштап колдонула баштары айтылган.

Кытай  МС-21 сыяктуу  Comac C919 учагын май айынын башында биринчи асманга көтөргөн эле.  Орусия жана Кытайдын бул учактагы Боинг жана Аэробустун жакын жана орто магистралдык учактары менен конкуренцияга чыкмакчы.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар