Орусия кышкы Олимп оюндарынан четтетилди

Эл аралык Олимпиада комитети Орусиянын курама командасына Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтчү кышкы Олимп оюндарына катышууга тыюу салды. Буга Орусиянын бийлиги колдоого алган допинг программасы себеп болгону айтылды. Анткен менен комитет кызытма чыкпаган «таза» спортчуларга Олимпиадада Орусиянын эмес, нейтралдуу желек менен чыгууга уруксат берди.

Мындай чечим 5-декабрда эл аралык комитеттин Лозаннада өткөн жыйынында Самуэл Шмид жана Денис Освалддын баяндамасы каралган соң чыгарылды. Освалддын комиссиясы орусиялык спортчулардын 2014-жылкы Сочи Олимпиадасындагы допинг анализдерин бурмалоону иликтеген.

Комитеттин чечимине ылайык, Орусиянын спорт комитети толугу менен дисквалификацияланды жана Орусиянын Спорт министрлигинин бир да өкүлүнө Түштүк Кореядагы оюндарга аккредитация берилбей турган болду.

Расмий Кремль бул маселе абдан дыкат изилдениш керек деген пикир айтып чектелүүдө.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар