Орусия банкынын башчысы дагы бир мөөнөткө калды

Орусиянын Борбордук банкынын башчысы Элвира Набиулинанын ыйгарым-укуктарын дагы беш жылга узартууну президент Владимир Путин Думага сунуштаган. 9-июнда  Мамлекеттик Дума президенттин сунушун колдоп добуш бергенин ТАСС кабарлады. Ошону менен ал дагы беш Орусиянын Борбордук банкынын башчысы болот.

Элвира Набиулина Орусия банкынын башчылыгына биринчи жолу шайланганда кырдаал татаал болгон. Анткени анда мунайга баа арзандап, экинчи жактан батыш өлкөлөрүнүн жапатырмак санкциясы финансы-банк тармагына оор сокку уруп турган.

Рублдин куну кетип, инфляция көзөмөлдөн чыга тургандай болгон. Бирок Набиулина кырдаалды колунда кармап, терс тенденциялардын өнүгүүсүнө жол берген эмес.

Азыркы кезде рублдин курсу доллар жана еврого карай бекемделип баратат.

Бул жалпы Орусиянын экономикасынын өсүү жолуна түшө башташы, Орусиянын тышкы карызынын жоктугу, мунайга баанын турукташуусу жана туура финансы-экономикалык саясаттан экени белгилүү. Аны аткарууда Набиулинанын ролу жогору.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар