Орусия АКШ дипломаттарын жүздөп айдады…

Орусия президенти Владимир Путин “Россия-1” телеканалына 30-июлда берген интервьюсунда Орусиядагы АКШ элчилигинин 755 кызматкери кыскартыларын билдирди. Москва мындай чечимди Конгресс Орусияга карата санкцияларды кеңейткен мыйзам кабыл алгандан кийин кабыл алды. Өткөн жылдын соңунда Барак Обама Орусиянын АКШдагы 35 дипломатын чыгарып, дипломатиялык менчиктерин тартып алган эле. Москва жаңы президенттин келиши менен мамиле оңолот деп, жооп кадамга барбай келген.

Америкалыктар элчиликте кызматкерлердин кескин кыскаруусу орус жарандарынын АКШга виза алуусун кечеңдетет деп эскертүүдө.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар