Орус патриархы Кыргызстанга келди

Жалпы орус жана Москва патриархы Кирилл жекшемби күнү Бишкектеги Свято-Воскресенкий чиркөөсүндө диний жөрөлгөгө катышты. Буга байланыштуу эрте менен Тоголок Молдо-Жибек жолдору жабылып, автоунаалардын багыты өзгөртүлдү.  Патриарх Кириллдин 27-майда башталган сапары 29-майга чейин созулат. Анын Бишкекте Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын жетекчилиги менен жолугушуулары да болот. Патриарх ошондой эле Кыргыз-орус Славян университетинде “Эркиндик жана жоопкерчилик” аттуу китебинин бет ачарына да катышат. Бул тууралуу Православия чиркөөсүнүн Бишкек бөлүмү кабарлады.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар