Орозонун биринчи күнүндө Ооганстанда жардыруу болду

 Автоунаага салынган бомбаны жан кечти Ооганстандын Хост провинциясынын борбору Хост шаарында жардырды. Түркиянын Анадолу маалымат агенттигинин кабарлоосу боюнча, андан 18 адам өмүрүн жоготту. Алты адам жарадар болду. Жарадар болгондордун экөөсү балдар. Жергиликтүү тургундар жан кечти Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнүн аскерлерин бутага алганын айтышкан. Талиптер жаз, жай айларында өкмөттүк күчтөргө чабуулун күчөтүшөрүн жарыялашкан.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар