Оппозициялык саясатчылар үстүнөн сот уланууда

28-июлда Бишкекте оппозициялык саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана Садыр Жапаровдун үстүнөн соттук жараян уланды. 24кж сайтынын маалымдоосуна караганда, Текебаев жана Чотоновдун сотунда Маевскийдин паспортунда 2010-жылы Кыргызстанга келгендиги боюнча белги жок экени аныкталды. Маевский 2010-жылы 13-майда Кыргызстанга келип Текебаев жана Чотонов менен жолугушканын, алар Мегаком үчүн 1 млн. доллар андан талап кылганын сотто билдирген болчу.

Текебаев жана Чотонов сотунда судья Эрнис уулу Айбек менен соттолуучулар ортосунда кайым айтышуу болуп, судья аларды залдан чыгарууну чечти. Соттук жараян түштөн кийин уланмакчы.

Ал эми Садыр Жапаровдун сотунда күбө Бактыгүл Жумагулова 25-майда милиция менен кагылышууну чагымчылар уюштурганын, ал чагымчылар милиция менен бирге экенин билдирди.

Садыр Жапаров 25-мартта Казакстандан Кыргызстанга өткөн жеринен кармалган. Анын кандай кармалганы боюнча видеотасма кечээ күнү интернетке коюлду.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар