Өзбекстандагы элчи көтөрүлдү

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчылыгына дайындалды. Бул кызматты буга чейин Айзада Субакожоева ээлеп келген эле. Ал ШКУнун баш катчысынын орун басарлыгына дайындалганына байланыштуу 26-февралда кызматтан бошотулган эле.

Данияр Сыдыковдун президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүм башчлыгына дайындалышын кыргыз-өзбек мамилесин жакшыртууда элчинин кызматын жогору баалоо катары кабылдоого болот.

Данияр Сыдыков Батыр Сыдыковдун уулу. Маркум Батыр Сыдыков мамлекеттик, партиялык кызматтарды аркалаган. Кезинде Ош облусун жетектеген.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар