Өзбекстанда эмне болуп атат?

Өткөн жылы 2-сентябрда Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов көз жумган. Анын ордуна  Шавкат Мирзиеев бийликке келген. Андан бери дээрлик бир жыл өттү.

Бир жылдын ичинде кошуна мамлекеттин ички жана тышкы саясатында олуттуу өзгөрүүлөр жүрүүдө. Тышкы саясаттагы өзгөрүүнү Кыргызстан сезип, көрүп турат.

Расмий Бишкек менен Ташкендин мамилеси бир топ оңолду.Чек арада чыңалуулар басаңдап, чек араны аныктоо боюнча сүйлөшүүлөр алдыга жыла баштады. 16-августа өзбек өкмөт башчысы Абдулла Ариповдун Бишкекекке сапарында 1400 чакырым келген чек аранын 1170 чакырымын делимитациялоо боюнча протоколго кол коюлду.

Абдулла Ариповдун Бишкекке сапарынын алдында Ташкен Борбор Азия регионундагы саясаты боюнча конференция өткөрүп, ага регион мамлекеттеринин, анын ичинде Кыргызстандын өкүлдөрү катышты. Мына ошол конференцияда Өзбекстан тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов “Ташкен тышкы саясатында кошуна мамлекеттер менен кызматташууга артыкчылык берет” деп билдирди.

Ислам Каримовдун тушунда Ташкендин “Өзбекстан буюк давлат” деген саясатынын негизинде регион мамлекеттери, өзгөчө Кыргызстан, Тажикстан четке сүрүлүп тоготулбай келген. Казакстан менен атаандашуу болсо, Түркмөнстан менен кандайдыр бир алака кармалган.

Эми кырдаал өзгөрүүдө. Ташкен Кыргызстан жана Тажикстан менен мамилесин оңдоого киришти. Соода-экономикалык кызматташуу, траснпорттук байланышты калыбына келтирүү аракеттери жасалууда. Бул тышкы саясаттагы айкын көрүнүштөр.

 

Өзбекстан “Горбачев мезгилинде”

Өзбекстандын ички саясий турмушунда да орчун жана кызыктуу кубулуштар орун алууда. Ислам Каримовдун тушундагы катаал тыюлар алынып, кудум Горбачевдун мезгилиндеги СССР аймагында

жүргөндөй эркиндиктин желаргысы жүрүүдө.

Албетте, жаңы президент Шавкат Мирзиеевду айга-күнгө теңеген мактоолор, алдына бөк түшүп жыгылуулар кадимки күчүндө. Бирок Мирзиеевдун “талашып-тартышканды, пикирилерибизди айтканды үйрөнүшүбүз керек” деген сөзү телеканалдарда талкууларды жаратып, кемчиликтерди айтууга алып келе баштады.

Шавкат Мирзиеев Өзбекстандын жогорку бийлик органдарынан баштап, жергиликтүү бийлик башчыларына чейин калктын камын көрбөйсүңөр деп тилдеп, карапайым калктын кызыкчылыгын көбүрөөк коргоосу,  калктын айрым “ээн-баштыктарга” баруусуна алып келүүдө.

Маселен, “Озодлик” жана “Фергана.ру” сайттарынын жазуусу боюнча, 15-августа 400дөй адам Ташкенде Өзбекстан Жогорку Сотунун дарбазасын бузуп, короосуна кирип барышкан!!! Аларды эч ким ур-токмокко алып, кууп чыккан эмес.

Мындайга Ислам Каримовдун тушунда жол бериш мүмкүн эмес эле. Болсо Анжиян кыргыны кайталанмак.

Шавкат Мирзиеев саясий туткундарды бирден бошотуп, актагандарды актап атат. Маселен, жакында эле Ислам Каримовдун кеңешчиси Мавлон Умурзаковду толук актады. Ал 1994-жылы 6 жылга кесилген эле.

Шавкат Мирзиеев чет өлкөлөргө чыгуу үчүн өзбек жарандарынын виза алуу тартибин жокко чыгарууну чечти. Бул өлкөдө  чет өлкөгө чыгуу үчүн СССР мезгилиндеги уруксат алуу тартиби ушул кезге чейин сакталып келаткан.

Өзбекстандын ички саясий турмушундагы өзгөрүүлөрдүн эң таасын символу катары, Ислам Каримовдун резиденциясын курчаган темир тосмону алып салуу жөнүндөгү Шавкат Мирзиеевдун буйругун атоого болот. Ал буйрукка ылайык, резиденцияны курчаган темир тор алынып, 25 жылдан бери катардагы жарандар буту баспаган жерди басууга мүмкүнчүлүк алды…

Эми Шавкат Мирзиеев Горбачев сыяктуу “оозу менен орок оргон” кур чеченге айланабы же өзбек калкына азыраак эркиндик берүү менен бирге мамлекетти башкарууну бекем кармап, баш-аламандыкка жол бербейби деген суроо турат.

Бул суроого эң туура жоопту мезгил берет эмеспи.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар