Ооганстан Кыргызстанда студенттерин көбөйтүүгө кызыкдар

Мындай кызыкдарлыкты Ооганстан президенти Ашраф Гани 6-июлда Душанбе шаарында кыргыз өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда билдирген. Блу тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Кыргыз өкмөт башчысы өз кезегинде Ооганстандапгы кыргыздарга паспорт берүү, аларга гуманитардык жардам жеткирүүдө көмөк үчүн ооган лидерине ыраазычылык билдирген.

Ооганстандагы кыргыздар гуманитардык катастрофага кабылып жатканы айтылып келатат. Бирок кыргыз бийлиги аларды көчүрүп келүүгө аракет жасай элек. Ал эмес президент Атамбаевди аларды Кыргызстанга көчүрүп келүүгө каршылыгын билдирген.

Эксперттер Ооганстанда өтө оор климаттык шартта жашаган кыргыздар көчүрүлүп келбесе, жок болуп кетишерин эскертишкен.

Көчүрүп келүүгө ылайыктуу жер катары Чоң-Алай району, Нарын облусу аталууда.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар