Ооганстан: “Ислам мамлекетин” кимдер куралдандырып, талиптерди кимдер сүйлөшүүгө тартууну көздөөдө?

Орусия президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү, Орусия тышкы иштер министрлигинин Азия боюнча экинчи департаментинин директору Замир Кабулов “Коммерсанть” гезитине 15-июлда жарыяланган интервьюсунда Ооганстандагы кырдаал, талиптер менен сүйлөшүү маселеси,”Ислам мамлекети” аталган террордук топту кимдер каржылап, куралдандырып жатканы боюнча маалымат бөлүшкөн. Кыргызстан чек арасына жакын жердеги коопсуздук абалы биздин окурмандарга да кызыктуу деп ойлойбуз:

-Ооган бийлиги менен талиптер ортосунда түз сүйлөшүүнү уюштуруу боюнча акыркы айларда көрүлүп жаткан аракеттерге кандай баа бересиз?

-Тилекке каршы, бардык аракеттер натыйжа бербей жатат. Талиптер өздөрүнүн шартында турушат. Алар адегенде америкалыктар менен чет өлкөлүк аскерлерди чыгаруунун убакыт-мөөнөтүн тактап, андан кийин ооган өкмөтү менен сүйлөшүүгө барууну көздөйт. Бирок мындан азырынча эч кандай натыйжа чыга элек. Орусия тараптарды сүйлөшүүгө отургузууга жардамын берүүгө аракеттенүүдө.

-Америкалыктар өздөрү талиптер менен келишимге барууга даяр эмеспи?

-Азырынча даяр эмес.  Бирок алардын позициясында жылыштар бар. Биз Дональд Трамптын Түштүк Азия боюнча жаңы стратегиясынын үстүндө АКШ президентинин администрациясы ойлонуп калганы боюнча  кабарыбыз бар. Анткени натыйжа болбой жатат. Биз андай болору тууралуу бир жолу эмес эскерткенбиз. Эми аларга жете баштагандай. Бул жакшы жышаан. Азыркы жүрүп жаткан ойлонуулар АКШ тарапты реалдуу бир чечимге келүүгө түрткү берет деп үмүттөнөбүз. Жаңы администрациянын “жеңишке чейин күрөшөбүз” деген дымагы кыйрап калды. Ошондуктан Вашингтондо саясий компромисске баруу, талиптер менен келишүү керектиги аңдала баштады. Кырдаалды мындай  кайра баалоо жышааны Ооганстан үчүн пайдалуу болорунан үмүт артабыз. Биз бул өлкөдө, андан ары жалпы региондо тынчтык орноп, Ооганстан террор жана баңгизатын өстүрүү, ташуу уюгу болуудан арылса экен дейбиз.

-Талиптер учурда өлкөнүн 40% көзөмөлдөп турганын укканым бар?

-Бул эскирип калган маалымат. Талиптер көпчүлүк провинцияларда бар. Расмий бийликтер турганына карабай көпчүлүк жерлерде алар чечүүчү таасирге ээ. Алар параллель бийлик органдарын түзүп жатышат.

-9-июлда Кабулда болгон мамлекеттик катчы Майк Помпео президент Дональд Трамп 2017-жылы жарыялаган Ооганстан боюнча жаңы стратегия натыйжа берип, талиптер бардык жерде активдешпей калды деди. Сиз мындай баага макулсузбу?

-Такыр макул эмесмин. Вашингтондогулар баарын башкача көрүшөт окшойт. Москва жана Кабулдагы байкоочулар башка нерсени көрүп жатышат. Мамлекеттик катчы өзүнүн президентинин саясатын жүргүзүш керектиги түшүнүктүү деңизчи.

-Британиянын “Гардиан” гезитинин азыркы кырдаалда “АКШ жеңишке жетише албайт, согушту токтото албайт жана Ооганстанды таштап чыгып кете албайт” дегени боюнча кандай пикирдесиз?

-Кошмо Штаттар өздөрү өздөрүн ушундай кырдаалга кептеп коюшту. Алар талиптер менен сүйлөшүүнү башташ керек. Бул Ооганстанда жалпы улуттук жарашуу жараянын баштооого түрткү бермек. Бул үчүн алар өздөрүнүн позициясын кайра карап чыгыш керек. Мына ошондо гана туңгуюктан чыгуунун саясий жолу пайда болот. Эгерде америкалыктар ага барбаса, анда жогоруда айтылгандай абалда кала беришет.

-Бүгүнкү күндө Орусия ооган өкмөтү жана талиптер менен иштешип жатабы?

-Өкмөт менен туруктуу негизде иштейбиз. Ал эми талиптерге согушту токтотуп, сүйлөшүүгө отуруу керектигин билдирип жатабыз. Бирок, башта мен айткандай алардын сүйлөшүүгө отуруусунун өз шарты бар. Эң башкы проблема, талиптер Ооганстандын бүгүнкү өкмөтүн америкалыктар койгон куурчак, тактеке өкмөт, ошондуктан ал мыйзамсыз деп эсептешинде жатат. Алар менен сүйлөшкүсү келбейт. Америкалыктар менен келишимге жетишүүнү көздөйт.

-Өзбекстанда талиптер менен байланыш түзүлгөнүн кабарлашкан?

-Сүйлөшүү жараянын жеңилдетүү үчүн биз өткөн жылы Москва форматында диалогду демилгелегенбиз. Жайдын аягына чейин мындай форматта дагы бир сүйлөшүүнү өткөрүүнү караштырып жатабыз.

-Талиптер Москва жолугушуусуна чакырылабы?

-Биздин максат-оогандар ортосунда диалог башталышына көмөк көрсөтүү. Тактап айтканда, ооган өкмөтү менен талиптер ортосунда сүйлөшүүнү баштоо. Эгерде биз талиптерди чакырбасак, анда диалог болбойт. Ошондуктан биз талиптер келсе дейбиз.

-Вашингтон тараптан азыркы учурда сейректеп калса да Москванын дарегине талиптерди сөз менен эле эмес, курал менен да колдоп жатат деген айыптоолор чыгып калууда. Буга эмне дейсиз?

-Биз андай айыптоолорду бир нече жолу төгүнгө чыгарганбыз. Мындай ойдон чыгарылган нерселердин көздөгөнү өз катачылыктарын башкаларга үйүп салуу. Бул ишке жардам бербейт. Ошол эле учурда бизде ал айыптоочуларга суроолорубуз бар. “Ислам мамлекети” уюму Ооганстанда тамыр жайып, таасирин күчөтүшүнө  кимдер жардам берип жатат? Эмне үчүн таанытуучу белгилери жок тик учактар террорчуларды курал-жарак, ок-дары менен камсыздап, керек болсо нары-бери ташып жатат? Суроолор көп. Биз ИМдин демөөрчүлөрү мындай акмакчылыкты токтот деген ойдобуз.

-Ооганстанда ИМ канчалык кеңири тарап жатат учурда?

-Кудайга шүгүр, мындан эки жыл мурункудай деңгээлде тарабай калышты. Бирок азайган жери жок. Жайылып баратышат.

-“Ислам мамлекети” террор уюмуна кимдер жардам бергенин Орусия билгиси келет дегениңизде сиз кайсы бир тарапка карай “ушулар” деп  конкреттүү жаңсай аласызбы? Белгиси жок тик учактар кимдики?

-Бул ишаараны түшүнүү кыйын эмес. Региондун аба мейкиндигин америкалыктар көзөмөлдөп турат. Өзүңүз жыйынтык чыгарып ала бериниз.

-Америкалыктар “Ислам мамлекетине” жардам берип эмне кылат?

-Анткени “Ислам мамлекети” Борбор Азия, Орусия жана Ооганстан менен кошуналаш өлкөлөрдү будуң-чаңга салууну көздөйт. Андан аркысын түшүндүрүүнүн кажети деле жок деймин.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар