Ө.Токтонасыров: Акыйкатчы отчеттон мурун өз милдетин аткарса

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Кыргызстан акыйкатчысынын абакка салынган көзү азиз акын Темирлан Ормуковдун ал-абалынан кабар албаганына нааразы. Активист мындай талабы менен 6-апрелде Акыйкатчынын кеңсесине келгенде “биздин аракетке келишибиз үчүн арыз жазыңыз” деген жоопту уккан.

Акыйкатчы өз демилгеси менен абактагы акындан кабар алып, адам укугун коргоо боюнча милдетин аткарууга тийиш, дейт Өндүрүш Токтонасыров. Ал Кыргызстан акыйкатчысынын ишин сынга алып, анын аракетсиздигине нааразылыгын жашырган жок.

Акын Темирлан Ормуков социалдык түйүндөр аркылуу КСДП фракциясынын мүчөсү Дастанбек Бекешовду, Атамбаевди кескин сынга алып келген. Бекешов Ормуковду сотко берип, милиция аны кармаган. Тергөө учурунда Ормуков ичин кесип, ооруканага түшкөн. Учурда ал кайрадан тергөө абагында кармалууда.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар