Назарбаевдин капталдан соккусубу?…(видео)

Казакстандын “Хабар” телеканалы Кыргызстанда 2010-жылы апрель окуясы боюнча документалдык фильм тартып жатканы, ал фильм үчүн мурунку президент Курманбек Бакиевден интервью алганы маалым болду.

Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин апрель “ыңкылабына”, жалпы эле “ыңкылаптарга” терс позициясы белгилүү. Бир жагынан Назарбаев “ыңкылап”  бийлик-байлыгымды тартып алат, бала-чака, неберелеримди куугунтуктайт деп корксо, экинчи жагынан андай “ыңкылаптар” элге, мамлекетке  эч качан жакшылыктарды алып келбесин, тескерисинче артка сүрүп таштарын эң жакшы билет. Ыңкылаптарга орус президенти Владимир Путин да каршы. Ал эмес Кыргызстандын азыркы бийлиги да караманча-каршы…

Ошондуктан Назарбаев Кыргызстандагы апрель “ыңкылабына” да чочуркоо менен карап, чек араны жапкан эле. Ал эми кечээ жакында Атамбаев менен “айгышкан душман” болуп калгандан кийин апрель “ыңкылабынын” жүзүн ачуу ага принципиалдуу маселе болуп калгандай. Казакстандын “Хабар” телеканалы апрель “ыңкылабы” тууралуу даректүү фильм тартып жатышын мына ошентип түшүнүүгө болот.

Апрель “ыңкылабы” Кыргызстанда абдан талаштуу жана карама-каршылыктуу маселе.

Бир жагынан Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкарууну жоготуу урааны менен бийликке  келип, өзү мурункудан  өткөн үй-бүлөлүк башкарууну орнотуусу  Бакиевди актоого жол бербейт.

Экинчи жагынан, апрель ыңкылабы учурунда Таласта министр Молдомуса Конгантиев баш болгон милиционерлерди аесуз сабап, курал-жарактарды тартып алуу, мына ошол курал-жарактар менен 7-апрелде Бишкекте Акүйгө келип, куралдуу төңкөрүш жасоо өзүнүн баасын ала элек.

“Хабар” телеканалы мына ушул маселеге жана андан кийин Кыргызстанда пайда болгон баш-аламандыктарга көңүл бурары турган иш.

Атамбаев Садыр Жапаровду 11 жылга отургузду. Ага коюлган айып мамлекеттик кызматкер-өкмөттүн Ысык-Көл боюнча өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу болду. Чындыгында Каптагаев барымтага алынганда Жапаров Кыргызстанда жок болгону да аныкталган. Бирок мамлекеттик кызматкерди барымтага алуу катуу жазасын алыш керек деген идеологияны Атамбаев бетке кармап, аны кайталап айтып турду. Ал эми Конгантиевдин аесуз сабалышын эске алып, бир да оозанган жок. Ал түшүнүктүү…

Бул жерде чыныгы кош стандарттуулук жана эки жүздүүлүк жатат.

Бакиев “Хабарга” берген интервьюсунда Кыргызстанга убагы келгенде барам дептир…

Азыркы бийлик тушунда анын Кыргызстанга келиши мүмкүн эмес. Анда кандай шартта ал барамын деп жатат?

Казак бийлиги менен биргеликте кандайдыр бир пландары барбы?

Мына ушул маселени бийлик иликтейт сыяктуу. Анткени бийлик Бакиевдин Кыргызстанга барамын дегенин иликтөөгө аларын расмий кабарлады.

 

 

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар