Назарбаев Путинге маалымат берди

Өткөн жумада АКШда сапарда болгон Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев мекение кайтып келип, орус президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Кремлдин 22-январдагы кабарлоосуна караганда, Нурсултан Назарбаев Владимир Путинге телефон чалып, Кошмо Штаттарга расмий сапары жана президенти Трамп менен сүйлөшүүсү тууралуу кеңири маалымат берди. Путин менен Назарбаев  Сирия, Корей жарым аралындагы жана Украинадагы абалды кеңири талкуулашкан.

Орусиянын маалымат каражаттары Назарбаевдин Америкага сапарына бир топ кызганыч менен карап, латын тамгасына өтүп жаткан Казакстан дагы кандай бурулуш жасап жиберет деп чочулап турушкан.

Назарбаев сапарында АКШнын жетекчилиги менен сүйлөшүп, 7.5 млрд. долларга ар түрдүү контрактарды түзгөнү, Назарбаевдин БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынында  төрагалык кылганы кабарланды.

Назарбаев өзү да 22-январда Астанада өткөргөн аппараттык жыйында сапарды ийгиликтүү деп атап, конкреттүү маселелер боюнча конкреттүү макулдашуулар бар деген.

Нурсултан Назарбаев Дональд Трамп менен сүйлөшүүсүндө Орусия-АКШ мамилесин жакшыртуу максатында ортомчулугун сунуштайт деп болжолдонгон. Бул боюнча азырынча ачык маалымат жок.

Назарбаев орус-түрк мамилеси бузулганда Путин менен Эрдоган ортосунда ортомчулардын бири болуп, ал аракеттер соңунда ийгиликке жетишкен.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар