Н.Назарбаевдин он маселеси

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев 10-январда  калкка кайрылуу менен чыгат. (Атамбаев калкка жана парламентке кайрылуудан өзүн жогору коюп, андай иштер менен башын оорутпаган эле. Эми Жээнбеков кантээр экен?).

Казак президенти калкка кайрылуусунда Казакстанды өнүктүрүүдө жана аны өнүккөн 30 мамлекеттин катарына кошуу үчүн кандай иштер аткарылып, маселелер чечилиш керектигин ачыктайт. Калкка кайрылуу алдында Назарбаевдин билдирүүсү тараталып, анда жогоруда максатка жетүү үчүн он маселени аткаруу алдыга коюлду:

  1. Казакстан индустриясы жаңы технологияларды киргизүүнүн флагманына айланууга тийиш.
  2. Ресурстук потенциалдык пайдалануунун натыйжалуулугун арттыруу. Бул деген ресурстарды кайра иштетүүнү тереңдетүү жана кеңейтүү экени белгиленген.
  3. Агроөнөр жай тармагын жана андагы технологияны көтөрүү.
  4. Транспорт жана логисттиканы өркүндөтүү. Бул тармакка санариптик технологияны киргизүү.
  5. Турак-жай курулушунда жаңы технологияларды киргизүү.
  6. Финансы-банк тармагын бекемдөө жана калкка жакындатуу, жоопкерчилигин арттыруу.
  7. Адам капиталын өркүндөтүү. Билим берүүнү заман жана экономика талабына жоп беришин камсыздоо.
  8. Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун камсыздоо. Санариптик системаны киргизүү ишкерликти өнүктүрүүгө, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын арттырууга алып келет.
  9. Мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздоо жана коррупцияга каршы күрөштү улантуу.
  10. “Акылдуу шаар” технологиясын жайылтуу.

Казакстан президенти мамлекет, өкмөт, парламент алдына мына ушундай он маселе коюп чыкты. Кыргыз өкмөтү “Жаңы доорго 40 кадам” аттуу программаны алып чыгабыз деген эле. Анысы азырынча толук жарыялана элек.

Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик органдардын жетекчилерин бирден чакырып, “эрмектеп” жаткан чагы…

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар