Н.Өмүркул уулу: ЖЭБдеги авариянын себеби химцехтин жаңыланбашы болгон

Бишкек Жылуулук-энергия борборундагы авариядан кийин анын жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу кызматынан бошотулган. Ал ЖЭБдеги 26-январдагы кырсыкка күнөөлүүлөрдүн катарында аталган. Нурлан Өмүркул уулу кырсыкка күнөөсү бар экенин моюнга алып, бирок анын чыныгы себеби эмнеде экенин 9-мартта “Азаттыкка” жарыяланган маегинде атады.

Нурлан Өмүркул уулунун айтымына, модернизациялоо планы боюнча Бишкек ЖЭБинин химцехи дагы жаңыланыш керек болгон. Бирок ал жаңыланган эмес. Анын натыйжасында ЖЭБдин эски жана жаңыланган бөлүгүнө химцехтен суу жетишпей калган.

30-январда кырсыкты териштирүү башталганда авариянын себеби химцехтин жаңыланбашы экенин айтаар замат кызматтан бошотушту, дейт Нурлан Өмүркул уулу.

УКМКа учурда Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча териштирүүлөрдү жүргүзүп жатат.  Анын алкагында 7-мартта “Электр станциялар” акционердик коомунун техникалык директору Алмазбек Жусупбеков кармалды. Ага чейин “Электр станциялардын” жетекчисинин биринчи орун басары Бердибек Боркоев кармалган.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо үчүн Кытайдан 386 млн. доллар насыя алынган. Ал насыя дээрлик 500 млн. доллар өлчөмүндө Кытайга кайтарылууга тийиш.

Модернизациялоо ишин Кытайдын ТВЭА компаниясы жүргүзгөн. Бирок  модернизациялоо Бишкек ЖЭБинин 30% гана камтыган.

Тажикстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдө 386 млн. доллардан эки эсеге аз акчага жаңы ЖЭБдер курулганы айтылып келатат.

Жогорку Кеңештин депутаты, модернизациялоону текшерүү боюнча депутаттык комиссиянын мүчөсү Исхак Масалиев ЖЭБди модернизациялоодо коррупция жаттанып турганын билдирген.

Атамбаев Бишкек ЖЭБин модерназициялоону ири жетишкендиги катары мактаныч менен атаган эле…

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар