Музейге 1 млн. еврого мебель алынган

Сапар Исаков куратору болгон Бишкектеги Тарых музейин реконструкцияло үчүн 1.569 млрд сом бюджеттен жумшалган. Андан сырткары Түркиянын 15 млн. доллар гранты чапталган.

Мына ушул каражаттар ичинен музейдин мебели үчүн эле  956 миң евро жумшалган. Музейде оңдоо иштерин жүргүзгөн компаниянын башчысы Айдарбек Мендеев суракка түшкөндөй көздөрү жалооруп, арзандатканыбыз ушул дейт. 954 миң еврого алынган мебелдин ичинде бир отургуч 100 миң сомго айланган. Эки жыгач атты 34 миң еврого же ар бирин 16 миң евродон алган. Атамбаевдин Сапар Исаков баштаган командасы мына ошентип “таза иштеген” экен.

Бул маселе боюнча кылмыш иш козголуп, тергелип жатат. Айдарбек Мендеев көчмөндөр оюну үчүн Ысык-Көлдө ипподромду куруу үчүн да тартылган. Ал боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө башталганы 28-майда кабарланды…

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар