Мугабе Зимбабве президенттигинен кетти

Африкадагы Зимбабве мамлекетин 37 жылдан бери башкарып келаткан 93 жаштагы Роберт Мугабе кызматынан кеткенин өлкө парламентинин төрагасы Жейкоб Муденда 21-ноябрда жарыялады.

Роберт Мугабе Зимбабвени Британия колониясынан бошотуу үчүн күрөш жүргүзгөн. Мына ошол күрөштө жеңишке жетишип, бийликке келген.Бирок экономикалык кризис жана Зимбабве валютасынын кунунун кетиши, өзүнөн 40 жаш кичүү аялын мураскер кылуу аракети эл ичинде Мугабенин кадырын кетүүсүнө алып келген.

Ноябрь айынын башында ал вице-президент Мнангагваны кызматынан бошоткон. Зимбабве аскерлери, калк муну Мугабе жубайы Грейс Маруфту мураскер катары калтырууга киришти деп баалашкан жана ага каршылык көрсөтүүнү баштаган.

Мына ошондон бери жүрүп жаткан тартышуунун соңунда Мугабе кызматын таштап кетүүгө аргасыз болгону кабарланды.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар