Москвада Сирияда орус генералы өлүмүнө АКШны айыптады

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябов орус генералы Валерий Асаповдун өлүмүнө АКШнын эки жүздүү саясаты себепкер деп билдирди.

Генерал-лейтенант Асапов Дейр-зз-Зор провинциясында минамет аткылоосунда калып, көз жумганы 24-сентябрда кабарланган. Анын менен кошо командалык пунктта эки полковник да набыт болгон. Орус аскерийлери  Дэй-эз-Зорду “Ислам мамлекети” террордук уюмдан бошотууга Сирия аскерлерине жардам берип жаткан.

Орус тарап АКШ куралдуу Сирия оппозициясын эмес, ИГИЛди колдоодо деп айыптоодо. Албетте, Вашингтон аны четке кагууда.

Бирок Сирияда эки ири мамлекеттин кызыкчылыгы каршы келип, алар Сирияга көзөмөлүн орнотууда  ар кандай “арам жолдорго” барып жатканы жашыруун эмес.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар