Москвада кандай документтерге кол коюлду?

Кыргызстан президентинин Орусияга сапары учурунда бир катар документтерге кол коюлду. Ал стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө декларациясы жана аскердик-техникалык жактан кызматташууну өнүктүрүү келишими болду.

Өкмөттөр аралык бир катар документтерге кол коюлду. Ал миграция тармагындагы компетенттүү органдардын статусу тууралуу келишим, Кыргызстандын Орусияга карызын төлөө,керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана кара тумоого каршы күрөштү камсыздоо, финансы, статистика, адистерди даярдоодо кызматташууга байланышкан меморандумдар.

Президент Атамбаевдин Москвага сапары 19-июнда башталды. 20-июнда ал Москвада орус президенти Владимир Путин менен расмий сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анын соңунда жогоруда аталган келишим, документтерге кол коюлду.

Алмазбек Атамбаевдин Орусияга сапары 24-июнга чейин созулат. Ал Башкирия жана Татарстанда болот.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар