Москвада чет өлкөлүк жарандарды каттоо мөөнөтү кыскарды

Буга байланыштуу Москвадагы кыргыз элчилиги консулдук жардамды күчөтүүнү чечти. Тышкы иштер министрликтин 2-июндагы кабарлоосу боюнча, Москва, Санкт-Петербург, Казань жана Сочи шаарларында Кыргызстан жарандарына практикалык консулдук жардам көрсөтүү максатында телефон линиялары ачылды.

— Москва (Кыргызстан элчилиги – тел.: +7 (925) 864-49-60, +7 (925) 864-51-25,

Миграция кызматынын өкүлчүлүгү – тел.: +7 (925) 291-72-72, +7 (495) 780-74-10),

ИИМдин өкүлчүлүгү – тел: +7 (929) 657-19-97;

— Санкт-Петербург (Элчиликтин канцеляриясы – тел.: +7 (900) 634-90-95);

— Казань (Миграция кызматынын өкүлчүлүгү– тел.: +7 965 594 60 23);

— Сочи (Краснодар крайындагы консулдук– тел.: +7 (988) 245-43-02).

Мындай чаралар Москва, Санкт-Петербург, Сочи жана Казань шаарларында 1-июндан тарта 12-июлга чейин чет өлкөлүк жарандардын бир күндүн ичинде каттоого туруусун талап кылган чечимдин күчүнө кирүүсүнө байланыштуу көрүлдү.

Кыргызстан орус бийлиги тарабынан киргизилген бул чараларга карата тынчсыздануусун 1-июнда КМШнын Консулдук кызматтарынын жыйынында билдирген. Орус тарап аны түшүнүү менен кабыл алып, маселе Ички иштер министрлиги менен биргеликте чечилерин билдирген.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар