Москвада бороон-чапкындан каза болгондор арасында кыргызстандыктар жок

Бул тууралуу республиканын тышкы иштер министрлиги 30-майда кабарлады. Жабыркагандар арасында кыргызстандыктар бар-жоктугу такталып жатат.

Орусиянын маалымат каражаттарынын маалыматы боюнча, 29-майда Москва жана танапташ региондордо болгон бороон-чапкындан каза болгондор саны 16га жетти. Алардын 11 Москвада, калганы Москва облусунун аймагында болду. 168 киши медициналык жардам сурап кайрылып, 146 киши ооруканага жеткирилген.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар