Москвада “аңгилер” кармалды

ИИМдин 28-июндагы маалымдоосуна караганда, Москванын Дмитриевск районунда кыргыз жараны зордукталганы тууралуу маалымат ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө түшкөн. Зордукталган кыз 1989-жылы туулган, убактылуу Москвада жашап турган А.А. экенин өкүлчүлүк аныктаган.

18-июнда аны анча тааныш эмес “Мелис” атуу бала кызды “ифтарга” чакырып, парктардын биринде күч колдонуп зордуктаган. Окуяны эки досу телефон менен видеого тарткан. Кызды арыздансаң видеону интернетке жайгаштырабыз деп коркуткан.

ИИМдин өкүлчүлүгү Орусиянын тартип коргоо органдары менен издөө иштерин жүргүзүп, үч баланын бирин кармашты. Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. Калган эки бала да изделүүдө.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар