Москва менен Вашингтондун “кыл чайнашуусу”…

Бүгүн, 25-июлда Конгрессте Орусия, Иран жана Түндүк Кореяга жаңы санкцияларды жарыялоо боюнча мыйзам добушка коюлат. Долбоор Конгресстеги демократ жана республикачылар тарабынан мурда макулдашылгандыктан, анын кабыл алынышы күтүлөт.

Эң башкысы президент Дональд Трамп дагы Орусияга каршы санкцияларды катаалдантууну колдоорун маалымат катчысы Сара Сандерс жана маалымат кызматынын башчысы Энтони Скарамуччи ырастаган.

Муну менен Трамптын келиши менен АКШ менен мамиле оңолот деген Москванын үмүтү акталбай олтурат. Трамптын санкцияларды колдоосу түшүнүктүү. Анткени анын  Орусия менен кыңыр байланыштары бар деген шектер АКШ Конгрессинде, маалымат каражаттарында  ушак-айыңдарды жаратып, расмий иликтөөлөргө алып келүүдө. Аларды дагы да күчөтпөш үчүн Дональд Трамп Орусияга санкцияны катаалдантууну колдоого аргасыз болууда.

АКШнын генералдары да Орусияга карата риториканы катаалдантты. Пентагондун башчысы Жэймс Мэттис , Бириккен штабдан башчысы Жозеф Данфорд Орусияны “эң башкы коркунуч” катары аташууда.

АКШнын жаңы санкциялары финансы, энергетика тармактарын камтып, Орусиянын саясатчы, олигархтарына чейин тийешеси болот.

АКШ санкциясынын энергетика боюнча бөлүгү  Европа Биримдигинин каршылыгын пайда кылды. Биримдик Орусия менен “Түндүк агымы-2” долбоорун турмушка ашырууда. Эгерде АКШ санкциясы кабыл алынса, бул долбоорго аралашкан Европа компаниялары да санкция астында калат. Ошондуктан Европа Биримдиги АКШнын бир тараптуу санкциясына каршы чыгып, ал Европанын энергетикалык кызыкчылыктарына каршы келерин, Биримдик ага жараша чара колдонорун эскертти.

25-июлда Конгресс Орусияга каршы жаңы санкцияларды кабыл алса, анда ага  Орусиянын  жообу болору айтылууда. Буга чейин Москва сабырдуулук кармап, декабрь айында Барак Обаманын Орусиянын 35 дипломатын айдап, эс алуу жайларын тартып алганда ага жараша чара көргөн эмес эле. Ал жогоруда айтылгандай, Трапмтын келиши менен кырдаал жакшы жагына өзгөрөт деген үмүткө байланыштуу болгон эле.

Жаңы санкциялар Орусиянын чыдамын кетирип, АКШнын санкциясына жараша чечим кабыл алат деген сөздөр айтылууда.  Орус эксперттери Москва Боинг үчүн титан сатпай коюшу мүмкүн, космос боюнча кызматташпай коет деген пикирлерди ортого салууда.

АКШнын Орусияга санкциялык согушунун түпкү себеби Москванын бир топ чыңдалып, дүйнөдө АКШ менен теңтайлаша башташы экени айтылууда. Орусиянын экономикалык жактан ирденүүсү, аскердик-техникаларын жаңылоосу, эл аралык аренада өзүнүн кызыкчылыгына жараша аракет жүргүзүүсү (Украина, Сирия), соңунда Европа, АКШда саясий жараяндарды өзү каалаган нукка салуу аракети Вашингтондун түн уйкусун бузуп, ушунчалыгында Орусияны “чөктүрүүгө” киришүүгө аргасыз кылгандай.

Орусия менен АКШнын катуу тирешүүсү Борбор Азия регионуна, анын ичинде Кыргызстанга пайдасыз. Анткени санкциялык согуштан Орусиянын экономикасы жабыркаса, андан Кыргызстан экономикасы да жабыркайт. Жүз миңдеген эмгек мигранттарынын абалы да оорлойт.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар