Москва база боюнча Кыргызстан сунушун четке какты…Тажикстан уттубу?

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары, статс-катчы Григорий Карасин 10-октябрда “РИА Новостиге” берген интервьюсунда Кыргызстан түштүгүндө дагы бир орус аскердик базасын ачуу зарылдыгы жоктугун билдирди.

Министрдин орун басарына кабарчы мындай суроо менен кайрылган:

-Мындан мурдараак Кыргызстан президенти А.Атамбаев Орусия Кыргызстандын Тажикстанга чектеш жерине экинчи аскердик база жайгаштыра алат деген эле. Бул маселе боюнча Кыргызстан менен сүйлөшүү жүрүп жатабы? Региондо дагы бир аскердик база жайгаштырууга Орусия Федерациясы кызыкдарбы?

Карасиндин жообу төмөнкүдөй болгон:

-Чын эле,  Кыргыз Республикасынын президенти А.Атамбаев Орусия Федерациясына 20-июндагы мамлекеттик сапары учурундагы жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүдө азыркы базага кошумча дагы бир орус аскердик базасын жайгаштырууну карап көрүүнү сунуштаган эле.

Орусия, баарына белгилүү болгон кээ бир өлкөлөрдөй бардык дүйнөнү базалары менен толтуруу көздөбөйт.  Биз сандын артынан чуркабайбыз. Чет өлкөлөрдө андай обьекттерди жайгаштырууда биз  Орусия Федерациясынын жана биздин жакынкы союздаштарыбыздын коопсуздугун камсыздоону максат кылып коебуз.

Борбор Азияда азыркы кезде жайгаштырылган орус аскер базалары (Кыргызстан жана Тажикстанда) региондогу потенциалдуу жана бардык коркунучтарды четтетүүгө кудурети толук жетиштүү. Орус тарап мына ошол базалардын аскердик потенциалын бекемдөө, инфраструктурасын өркүндөтүү, аскерлердин күжүрмөн даярдыгын жана ырааттуу иш алып баруусун, анын ичинде өнөктөрүбүздүн куралдуу күчтөрү менен биргелешип аракеттенүүсүн жакшыртуу үстүнөн иштөөгө көңүл бурат.

Президент Атамбаев Кыргызстанда берген маалымат жыйындарында да Орусиянын дагы бир аскердик базасын ачууну жактап бир нече ирет сүйлөгөн. Бирок орус тарап ал сунушту четке кагып олтурат…

Орусиянын тышкы иштер министринин бул билдирүүсү 10-октябрда болду. Бул күнү А.Атамбаев ички коопсуздукка шылтап, 10-11-октябрда Сочиде боло турган КМШ жана Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин президенттеринин  саммитине барбай калды…

10-октябрда Сочиге Тажикстан президенти Эмомали Рахмон келип, президент Владимир Путин менен сүйлөшүү өткөрдү…

Кыргызстан президенти орус аскердик базасын Баткен облусуна жайгаштыруу идеясын көтөргөндө, мүмкүн мына ошол Тажикстандагы орус базаларынын бирин Кыргызстанга которууну көздөгөн…

Орусиянын кээ бир эксперттери бул жөнүндө ачык эле сөз кылып, Орусиянын региондогу эң эле ишенимдүү өнөгү Кыргызстан, ошондуктан АКШ менен “көз ымдашкан” Тажикстандан базаларды чыгарып, Кыргызстанга жайгаштыруу туура болот деп айтышкан.

Бирок регионалдык геосаясий оюнда Эмомали Рахмон Москванын көңүлүн таап, Кыргызстан бийлигинин максатын четке сүрүүгө жетишти окшойт…

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар