Москва АКШнын Ооганстандан чыгышын талап кыла баштады

Орусиянын ТИМинин жооптуу кызматкери Замир Кабулов Кошмо Штаттар Ооганстанга аскер киргизүү менен эч кандай маселе чече алган жок, тескерисинче террорчулуктун уягына айлантты. Эч нерсе колунан келбесе, анда АКШ аскерлери Ооганстандан кетсин, деп “Известия” гезитине берген интервьюсунда билдирген. Замир Кабулов Кошмо Штаттарда талкууланып жаткан, Ооганстанга менчик аскерлерди киргизүү ниетин четке кагып, Blackwater сыяктуу менчик куралдуу адамдар тобу талиптерге каршы согуша албайт, качып кетет, деген пикирин кошумчалаган.

АКШ 2001-жылы Ооганстанга аскер киргизген. Бирок ал жерде согуш токтобой, талиптер өлкөнүн көптөгөн жерлерин ээлеп турушат. Ондогон адамдардын өмүрүн алган террактар, колаициялык күчтөргө, ооган коопсуздук күчтөрүнө тынымсыз чабуулдар жасалып турат.

Мындай шартта Ооганстандан регулярдуу армияны чыгарып, алардын ордуна менчик куралдуу күчтөрдү киргизүү АКШда талкууланууда. АКШда андай тажрыйба бар. Маселен, Иракта Blackwater ар кандай аскерий операцияларга тартылган.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар