Мөңгүдөн айрылсак мөгдөйбүз

Кээде сүйлөөгө сөз таппай калган учурлар болот. Айтайын дейсиң айта албайсың. Тилиң буулат. Баары ичиңде кайнап турат бирок ошону сыртка чыгара албайсың. Сөз байлыгыңдын ченелүүлүгүнөн эмес, барын сенден ашык билип, көрүп турган адамдардын каратып туруп жасап жаткан акмакчылыгына күбө болгондо ушинтесиң. Анткени сен аларга айта турган акылды алар сенден да жакшы билишет. Мөңгүнү талкалоого жол берген депутаттардын ишин көрүп туруп ошондой абалга кабылдым. Тим эле муун калчылдап жанды коёрго жер таппай калдым.

Күнүмдүк бийлик, байлык кызыкчылыгы куурагырың айрымдарды карайлатып көзүн байлап, акылын алып коёт окшобойбу. Балким кечээ Үзөңгү-Куушту, Каркыраны кылчайбай туруп саткандар эч жаза албай суудан кургак кутулганы, “Эмне кылмыш кылсак деле кутулуп кете берет экенбиз да” деген жаман адатты жаратып койдубу дейм. Башында тургандар качып кетишкени менен кол кабыш кылып, жол ачып бергендер арабызда эч нерсе болбогондой божурашып кошо жашап жатпайбы. Ал түгүл асты бүгүн да бийликте отурат. Арты акылдуу болуп ар кимге акыл үйрөтүп жүрүшөт. Кайран ата-бабабыз канын төгүп коргоп жүрүп мураска калтырган жерлер кетти кайра кыргызга кайрылгыз болуп. Эл кала берди кан какшап “Арбак урсун”- деп каргап. Арбак деле урбайт экен. Бүгүнкү жеп ичкич коррупционерлерге Манас баш болгон аталарыбыздын арбактарынын күчү деле жетпей калса керек. Болбосо басып алган дүйнөсүнө чет жерде сайрандап жүрбөй ириде Акаев кан кусушу керек болчу.

Жер бул өтө чоң байлык экенин, анын баасы болбосун Кыргыздар тээ илгертен билишкен. Ошондуктан нечен легендаларды чыгарышкан. Эл башы ажолорго бааны жерге байланыштырып гана беришкен. Ээлеп турган жерине (Чегине) бир кадам жерди кошконду “Мыкты ажо”- дешкен. Ээлеп турган жерине бир кадам кошпой бирок бир кадамын да эч кимге бербей сактаганды “Орто ажо”- болду — ​дешкен. Элеген жеринен бир кадам жерди башкага алдырганды “Эң жаман ажо болду. Жер кускур экен. Жерибизди кемитти. Элди түбөлүк байлыктан ажыратты”- дешкен. Ал кезде мөңгүнү казуучулар, мөңгүгө зыян келтирүүчүлөр болбогондуктан мөңгү жөнүндө легенда жок. Болсо так ушундай эле баа беришмек. Анткени “Ачынган курсак тоюнат. Жыртылган кийим бүтөлөт”- деп күнүмдүк көр оокатка кыргыздар көп кызыгышкан эмес. Байлык бүгүн бар да эртең жогун түшүнүшкөн. Жер өспөйт, чоңойбойт. Кичирейбейт. Миллиондогон жылдарга бир калыпта кала берет. Элдин саны бирде азайса кайра көбөйөт. Кечөкү ээн жаткан жерлерден бүгүн отурарга бир кадам жер тапай калышың мүмкүн. Жараткан Теңир кыргыз элин жакшы көрүп эгемендикти “асмандан түшүрүп” бергени менен эл башы ажого келгенде сыртын салып туруп алды го. Эл башына келгендерибиздин баары эле кыргыздын кылымдардан кылым карытып, муундан муунга өтүп келаткан жерибизди бүлдүргөнгө маш. Тээ 11- кылымдарда Кет Бука акындын “Кылбаганды кыргызга кылган качат сак болгун.”- деп ырында санат кылып калтырганы тап-так келип А. Акаев “Кылбаганды кыргызга кылып кетти” го. Бүгүнкү мөңгү чуусу так ошол А. Акаевден калган белектин уландысы.

“Кумтөрдү” дүйнөлүк деңгээлдеги шылуундарга кармата берген экен. Аларың аңкоо, дүнүйөкор кыргыздын бийликке келгенин эле алеки саатта сатып алышып астыларына бийлетип коюп жатышат. Ким болбосун бийликке келээрде “Кумтөрдү” кайра элге алам. Элге иштетем”- деп убада берип келишет да Ак үйгө киришээри менен “Кумтөр” ооздорунан түшүп тескерисинче ким “Кумтөрдү” эстетсе жек көрө башташат. А. Атамбаев бийликте алты жыл олтурду. “Кумтөр” маселеси алты кадам жылдыбы? Жок. К. Бакиевдин учурунда кандай болсо так ошондой эле “Кумтөрдүн” кожоюндары сайрандап өз билгендерин кылып жатышат.Кыргыздын кен байлыгын алты жыл мурдагыдан да көбүрөк сыртка ташыбаса кемитишкен жок. “Кумтөрдү” козгойм деген С. Жапаров кайда отурат? Эмнеге отурат? “Кумтөрдүн” кызыкчылыгындагы мыйзамдарды өткөзбөй тоскоол болгон Ө. Текебаев кайда отурат? Эмнеге отурат? Терең ойлогон жан барбы? Керек болсо “Кумтөрдүн” шылуундары бүгүнкү мөңгүнү талкалаган мыйзамды Жогорку Кеңешке кабыл алдыруу үчүн астына ала жолдорун тазалаганы түшүнүктүү болду го дейм.

“Кумтөр” өзүнө тиешелүү эле аймакка мыйзам чыгартып алса анда бержактагылардын кулкундары кызарып абийирлери ачылып калмак. Ошондуктан кыргыздын жалпы мөңгүсүн кыйратуучу мыйзам “Кумтөрдүн” күчү менен кабыл алынганы турат. “Суу кодексинин” 62- беренесине киргизилип жаткан толуктоо бул деген жалпы Кыргыз Республикасынын аймагындагы мөңгүлөрдү кыйратууга салынган жол болуп калат. Жөнөкөй тил менен айтканда “Суу кодексинин” буга чейинки 62 — ​беренесинин талабы боюнча мөңгүлөргө кол тийгизүүгө мүмкүн эмес болчу. Эгер толуктоо кабыл алынса анда кайсыл мөңгүнү каздырат Өкүмөт өзү билет. Кайсыл мөңгү качан казылганын эл билбей да калат.

Чыныгы байлык алтын эмес таза суу. Жыл өткөн сайын таза суу маселеси курч коюла баштаганын бүткүл дүйнө көрүп турат. Буга биздин депутаттардын акылы жетпейт дейсиңерби? Башканы койдук “Кумтөр” жок кылып жаткан Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүн таза сууга айландырып, баасын эсептеп чыккан жан барбы? Балким “Кумтөрдүн” алтынынан алда канча кымбат баалуулукту жок кылып жаткандырбыз? Жогорку Кеңеште жалаң бизинесмен, алдым жуттумдар отурат. Алар бул жагын ойлобой койду дейсиңерби? Ойлошту, бирок өздөрүнүн бизнесине тиешеси жок болгондуктан унчугушпайт.

Эл ишеним берип, үмүт артып шайлаган депутаттардын колу менен Үзөңгү-Кууш кетти, Каркыра кетти, Хан-Теңирдин жарымы кетти, бүгүн минтип Кыргызстандын аймагындагы бүт мөңгүгө мүшкүл түшкөн турат. Али кеч эмес. Ойлонгула депутаттар! Ойлонгула! Кыргызстанда силердин деле укум тукумуңар жашайт. Келечекте каргыштын кара китебине түшпөгүлө. «Кумтөрдүн» шылуундарынан алганыңар укумдан тукумга чейин жеткидей мүлк болбойт. Өткөн чакырылышта Жогорку Кеңеште “Кумтөр” маселеси каралып мамлекетке өтөрдө эмне болгонун, кантип добуш жетпей калганын эстегиле. Ошондо каскак болгон депутаттардын айрымдары жапжаш туруп бул жарыкчылык менен коштошуп кете берди. Кимдер экенин мен ачык айтпай эле коёюн. Силер ансыз да билесиңер. Билбегениңер С. Жапаровдун “Саясаттагы он жыл” –деген китебинин “Кумтөргө” байланышкан жерин окугула. Керек болсо андай арам дүйнө кара жаныңарга деле арачы болуп бере албайт. Кайталайын. Ойлонгула.

Чолпонбек Абыкеев,

жазуучу

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар