Мирзиеев регион мамлекеттерин бириктирүүгө киришти

15-мартта Казакстан борбору Астанада Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан президенттеринин көп жылдан берки биринчи регионалдык саммити болуп өттү. СССР урагандан кийин Борбор Азия мамлекеттери регионалдык кызматташууну жолго салуу үчүн Борбор Азия кызматташуу уюмун түзүшкөн. Бирок ал уюм натыйжасыз болуп, соңунда 2010-жылы Бажы биримдигинин түзүлүшү менен жашоосун токтоткон.

Нурсултан Назарбаевдин 15-марттагы билдирүүсүнө караганда, регион мамлекет башчыларынын саммитин чакыруу демилгесин өзбек президенти Шавкат Мирзиеев көтөргөн. Ал  Өзбекстандын кошуналар менен мамилесин жөнгө салгандан кийин регионалдык саммит өткөрүүнү оң көргөндөй. Регион калкынын салтына жараша Мирзиеев саммит өткөрүүнү аксакал Нурсултан Назарбаевге сунуштап, баарыбызды чогултуңуз дегендей. Бул Мирзиеев тарабынан жасалган салтка жарашкан акылман кадам.

15-марттагы саммитке Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков да катышты. Саммит соңунда президенттердин билдирүүсү кабыл алынды. Анда Нооруз майрамы алдындагы жолугушуу жогору бааланып, соода-экономикалык, суу-энергетикалык, инвестициялык, коопсуздук, транзит-транспорттук жана заманбап тармактар боюнча регионалдык кызматташууларга умтулуу билдирилген.

Астана саммити Кыргызстан үчүн биринчи кезекте суу-энергетикалык жана транзит-транспорттук жактан кызматташууну жогору коюшу менен маанилүү. Анткени Кыргызстан регионалдык ири мамлекеттер Өзбекстан жана Казакстандан Камбар-Ата-1  жана башка ГЭСтерди курууда, энергетикалык потенциалын арттырууда  бутка тебүү эмес, колдоо алууда. Ал эми транзит-транспорттук кызматташууну жогору мааниси түшүнүктүү. Кыргызстан үчүн Россия базарына чыгууда, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууда транзиттин мааниси чоң.

Астана саммити Россиясыз өттү. Москванын регионалдык саммитке пикири азырынча белгисиз. Бирок регион мамлекеттеринин Россиясыз бир уюмга биригип кетүүсү кыйын. Анткени Москва Казакстан жана Кыргызстанды Бажы биримдиги, Евразия экономикалык биримдиги менен өзүнө байлап алган. Ошондуктан азырынча регион президенттери кызматташуу атмосферасын түзүп, кандай формада биригүүнүн жолун издешет болуш керек…

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар