Мирзиеев мурунку атаандашын иштен айдаймын деп зекиди

Өзбек маалымат каражаттары 31-майда жарыялаган аудиодо, президент Шавкат Мирзиеев банкирлерди бекерпоздор жана паракорлор деп атап, алардын эл, мамлекет кызыкчылыгында иштебей жатышы үчүн вице-премьер-министр Рустам Азимовду айыптады. Банкирлердин 50% иштен аларын айткан Мирзиеев, “сени да иштен алышым керек” деп Азимовду зекиди.

Ислам Каримовдун доорунда Рустам Азимов сүймөнчүк болуп, финансы министри, биринчи вице-премьер-министр кызматтарын ээлеп, Каримовдун мураскерлеринин бири катары аталып келген.

Бирок Каримов дүйнөдөн кайткандан кийин Мирзиеев эки тизгин бир чылбырды колго алып, Азимов четке сүрүлүп калды. Эми  ал мамлекеттик жогорку кызматтан да кол жууп кала тургандай болууда.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар