Мирзиеев Иноятовду айдады

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеев 31-январда  Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Рустам Иноятовду кызматынан бошотту. Иноятов өзбек коопсуздук кызматын 23 жылдан бери башкарып келген. Учурда жашы 73тө.

Ислам Каримов дүйнөдөн кайтканда Өзбекстанда бийлик Рустам Иноятов,  мурунку биринчи вице-премьер-министр Рустам Азимов жана ал кездеги өкмөт башчы Шавкат Мирзиеевдун ортосунда талашка түшөт деп күтүлгөн. Ал кезде Мирзиеев жеңип чыгып, адегенде Азимовду, эми Иноятовду кызматтан четтетти.

Иноятовдун ордуна 52 жаштагы башкы прокурор  Ихтиер Абдуллаев дайындалды.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар