Мирзиеев АКШга аттанат

Өзбек президенти Шавкат Мирзиеев 15-17 майда биринчи расмий сапар менен Кошмо Штаттарда болот. Аны АКШ президенти Дональд Трамп чакырганын өзбек президентинин маалымат кызматы кабарлады. Мирзиеев Трамп менен жолугушууда эки тараптуу кызматташуулар, регионалдык жана эл аралык маселелер боюнча сүйлөшөт. Трамп менен Мирзиеев өткөн жылы май айында Эр-Риядда жолугушкан. Бул алардын экинчи жолугушуусу болуп калмакчы.

Шавкат Мирзиеевго чейин Дональд Трамп менен казак президенти Нурсултан Назарбаев сүйлөшүп келген эле. Бул АКШ-Казакстан ортосунда Ооганстан боюнча кызматташууларды жандантты. Ошондой эле Назарбаев менен Трамптын сүйлөшүүсүнөн кийин Казакстандын Улуттук фондунун абакка алынган 22 млрд. доллары бошотулган эле.

Москва Казакстан менен АКШнын жакындашуусуна кызганыч менен карап турат…

Эми Өзбекстандын АКШ менен тил табышуусу да Кремлдин далай башын оорутушу ыктымал…

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар