Мигрант боордоштор абайлагыла, Орусияда балдарды ташуунун жаңы эрежеси күчүнө кирди

ТАССтын 12-июлдагы маалымдоосуна караганда, Орусияда күчүнө кирген жаңы тартипке ылайык жети жашка чейинки балдарды автоунаада жалгыз калтырууга болбойт. Жети жаштан жогорку балдарды автомобилдин арткы орундугунда алып жүрүүгө болот.

Автоунаада жети жашка чейинки баланы Санкт-Петербург же Москва шаарында жалгыз калтыра турган болсоңуз 2.5 миң рубль айып пул төлөйсүз. Башка шаарларда административдик жоопкерчиликке тартыласыз.

Жашы 12ден төмөн балдарды мотоциклге учкаштырып жүрүүгө да чектөө киргизилди. Аны бузсаңыз 3 миң рубль айып пул төлөйсүз.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар