Миграция жараткан бир үй-бүлө трагедиясы…

Эмгек миграциясы канчалаган үй-бүлөлөрдү бактысынан ажыратты. Жаш балдарды ата-энеси бар туруп, жетимсиретти.

Кыргызстандагы жумушсуздук, анын айынан аргасыз миграцияга баруу дагы бир үй-бүлөнүн трагедиясына себепкер болуп, эки баланы чыныгы жетимге айлантты.

25-августа Базар-Коргон райондук милициясына Бешик-Жон айылында үйүнүн алдындагы сарайда асынып алган адам тууралуу кабар түшкөн. Милиция иликтөө-тергөө иштерин жүргүзүп, үйдүн ичинен киши колдуу болгон аялдын да сөөгүн тапкан.

Соттук-медициналык экспертизанын жүрүшүндө күйөөсү чырлашып, аялынын көкүрөгүнө бычак уруп өлтүрүп алганы аныкталган. Ачууга алдырып, эмне кылып алганын сезген күйөөсү сарайга барып өзүн-өзү асып алган…

39 жаштагы  М.А. (күйөөсү) жана 30 жаштагы Т.Э. (аялы) дээрлик он жыл  бирге өмүр сүрүп, эки перзенти болгон. Бирге эмгектенишип үй куруп, ага жакында эле киришкен.

Кырсык болордун эртеси күнү аялы Орусияга ишке кетмек экен. Ал бул үчүн билет сатып алып, балдарын да туугандарыныкына жеткирип келген.

Кечинде жубайлар ортосунда чыр чыгып, күйөөсү аялын бычактап койгон…

Кызганыч, келишпестик, дагы белгисиз көп убакыттарга ажырашуу азабы жигитти жолдон чыгарып, эң оор кылмышка түрткөндөй…

Эки бала эми чындап жетим калды…

Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын ИИМ кабарлады.

 

Жүз миңдеген мигранттар агымы…

 

Орусиянын Этносаясий жана регионалдык иликтөө борборунун маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө карай мыйзамдуу түрдө эмгектенип жаткан Орусиядагы кыргыз жарандарынын саны 361 миң кишини түзөт. Ал эми легалсыз иштегендерди кошкондо бул сан эки эсеге жакындап барат. Булардан сырткары Орусиянын жарандыгын алып, иштеп жаткандар да жүз миңдеп саналат.

Кыргызстан Миграция кызматынын маалыматы боюнча, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин эле миграция агымы башталып, мына ошондон бери жарандар туруктуу түрдө чыгып кетип жатат. Андан бери башка өлкөлөрдө туруктуу жашап жаткан мурунку мекендештердин саны 540 миңди түзөт.

Мындан сырткары 700 миңдей киши эмгек миграциясында жүрөт. Өткөн жылдардагы эсеп боюнча, Орусияда 520 миң, Казакстанда 80 миң, Түштүк Кореяда 14 миң, Түркияга 14 миң, Европа, АКШ, Жакынкы Чыгыш, Азия чөлкөмдөрүндө 30 миңдин тегерегинде мигранттарыбыз бар…

Алардын баары эмгекке жарамдуу, бала-чака өстүрө турган курактагы жарандар. Мекениндеги жумушсуздуктун айынан башка өлкөлөрдө жүрүүгө аргасыз…

 

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар