“Мен макул эмесмин” кыймылы миссиясын жарыялады (видео)

Кыргызстандагы президенттик шайлоодон кийин түзүлгөн “Мен макул эмесмин” кыймылы өлкөдөгү негизги оппозициялык милдетти мойнуна алып, мыйзамсыздыктарга, куугунтуктоолорго, адилетсиздиктерге ачык каршылык көрсөтүүгө чыгып жатат.

Кыймыл  Адахан Мадумаров тарабынан демилгеленип, өзгөчө  Орусия, Казакстандагы эмгек мигранттары тарабынан кызуу колдоого алынып келатканы белгилүү.

5-декабрда Адахан Мадумаров Кыргызстандыктарга кайрылуу менен чыгып, анда “Мен макул эмесмин” кыймылынын алдыга койгон максаттарын жарыя кылды.

Кыймыл Кыргызстан жарандарынын конституциялык укуктарынын, анын ичинде шайлоого болгон укуктарынын тепселишине макул эмес. Белгилүү болгондой Орусия жана Казакстандагы жүз миңдеген кыргыз эмгек мигранттарынын президенттик шайлоого катышуу укуктарынан ажыратылды.

Кыймыл Кыргызстан мөңгүлөрүн, экологиясын талкалоого макул эмес. Бийлик Кумтөр алтынын канадалыктардын колуна салып бериш үчүн кен жайгашкан жерлердеги мөңгүлөрдү талкалоого жол ачкан мыйзам кабыл алганы маалым.

“Мен макул эмесмин” кыймылы Кыргызстандагы саясий куугунтуктарга жана сөз эркиндигинин басмырланышына каршы. Саясий куугунтуктун айынан Бектур Асанов, Кубан Кадыров, Бекболот Талгарбеков, Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев, Дүйшөн Чотонов абакта жатат. Абакта Садыр Жапаровго карата жасалган зордук-зомбулук  сүрөттөр аркылуу айкын болгон.

Бийликти сындаган журналисттер куугунтукталып, алардын оозун жабыш үчүн “чөнтөк соттор” аркылуу миллиондогон айып пулдар салынып жатат. Айрым журналисттер ачыктан ачык коркутуп-үркүтүүлөргө кабылып, кесибин токтотууга аргасыз болгон фактылар бар.

Адахан Мадумаров мына ушундай зордук-зомбулук, мыйзамсыздыктарга каршы туруу үчүн кыргыз жарандарынын колдоосу, кайдыгер болбостугу керек дейт.

Ал бийликке таасир этүү үчүн, Конституцияны өзгөртүү үчүн 300 миң жарандын колун топтоп, мына ошол мыйзамдуу жол аркылуу аракеттенүүгө чакырат.

300 миң жарандын колу топтолгондон кийин ал бийликтин алдына коюлуп, аны жүзөгө ашыруу үчүн мыйзам чегиндеги кезектеги кадамдар жасалмакчы.

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар