Манас менен Кенекеевди алмаштырган Акүй “азаматтары”

15-октябрдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жана шайлоо таза өтпөдү деп эсептеген шайлоочулар 16-октябрда  Талас шаарында митингиге чыгышкан. Алар негизинен жаштар болгону маалым.

Бул митингиге карата президент Атамбаев 18-октябрда студенттер менен жолугушууда пикирин айтып, аларды “Манас” эпосундагы терс каармандар Абыке менен Көбөшкө теңеген. Атамбаевдин анда айтылган сөзүнөн төмөнкү үзүндүнү келтиребиз:

-“Митингде Талас облусунун губернатору Дайыр Кенекеев Манастан үзүндү окуп берейин десе, кыйкырык, ышкырык менен жаш балдар мүмкүнчүлүк бербей коюшту. Биз алардын артында кимдер турарын билебиз. Абыке-Көбөштүн тукумдары элдин башын айлантып, Манастын сөзүн айттырбай коюшту. Уят. Талас үчүн өтө уят” -деген Атамбаев.

Президент Атамбаевдин бул сөзү Таласта бир жактуу кабыл алынган жок. Президент Атамбаев “жалпы Талас элин Абыке-Көбөштүн тукумдары деп атады” деген айың кеп тарады.

Ошондуктан президенттик аппараттын башчысы Алмаз Үсөнов жергиликтүү маалымат каражаттары аркылуу 24-октябрда түшүндүрмө берип чыкты. Үсөновдун айтымында, “митингчилердин жүрүм-туруму аттиң деп кейий турган көрүнүш. Ал митингде негизинен спорттук дене түзүлүштөгү балдар болду, байкалып тургандай эң бир маданиятсыз. Митингчилер (президенттин сөзүн) жалпы Талас элине айтылган катары көрсөтүүгө умтулбай Манастын акыркы кереезин укпай коюшканы үчүн айыбын сезип, тообо кылыш керек”.

Президенттик шайлоодогу терс көрүнүштөргө, ага жол берген бийликке нааразы болуп турган Талас жаштарынын губернатор Кенекеевди укпай коюшун, Манасты укпай койду деш саясий чайкоочулук. Элдин нааразылыгын басууда жана жеке саясий кызыкчылыктарын коргоодо калктын кастарлаган ыйыктарын  пайдалануу.

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар