Майдандыктар “Бел-Алма” боюнча өкмөт башчыга кайрылды

КР Өкмөтүнүн башчысы-премьер министр С.Исаковго

Көчүрмөсү:

КР өкмөтүнүн алдындагы экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына

Баткен областынын Кадамжай районундагы Майдан айыл аймагынын жашоочуларынан

 

Арыз

Урматтуу  Сапар Жумакадырович!  Сиздин “Таза коом” программаңыз элге жагып, бирок ишке ашыруу кыйынга турары талкууланууда. Себеби “Таза коом” программасы элди алдоо үчүн эмес, коомдун таза эместигинен иренжигендиктен түзулгөнүн эл түшүнүп, иренжиткен иштер менен күрөшүү жеңил болбойт го деп  турат. Коомдун таза эместиги көптөгөн фактылар менен далилденет.

Тактап айтканда алардын бири төмөкү факты:

ЖӨӨБнун курамы, райондук мамлекеттик администрация, Мамгеология, “Жаңы-Доор” ЖЧКсынын кубулмасы “Беш-Арча” ЖЧКсы, жергиликтүү укук коргоо органдары Бел-Алма көмүр кенине карата коррупциялык аракеттери менен Президенттин Мамлекеттин экономикасын чыңдоо максатына бөгөт болуп келишет.

Тактап айтканда:

  1. 2015-жылдын 19-августунда жергиликтүү активисттер Бел-Алма көмүр кенинен “Беш-Арча” ЖЧКсынын өз алдынча казуусуну видео тасмага түшүрүп ММКтары аркылуу кайрылышкан. Эч ким этибар бербегенден кийин кат жүзүндө жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына, райондук мамлекеттик администрацияга андан кийин Ак үйдөгү бийлик ээлерине кайрыла баштаганбыз. Биздин кайрылууларды Башкы Прокуратурага жолдогонсуздар. Өз кезегинде Башкы Прокуратура облпрокуратурага жолдогон. Облпрокуратура ЭКККМКнын Баткен облусундагы башкармалыгына жөнөткөн. ЭКККМКнын Баткен облусундагы башкармалыгы ишти изилдебей, ал эмес иштин ичиндеги “Беш-Арча” ЖЧКсынын мыйзамсыз аракеттерин тастыктаган материалдарды жок кылып, “Беш-Арча” ЖЧКсына иш козгоодон баш тарткан. (жок кылган далилдүү материалдарын бизден кайрадан алгандыгын тастыктап кол коюп бергендиктери боюнча кат жүзүндөгү фактыларды бир нече жолу Сиздерге бергенбиз)
  2. Мамлекеттик көзөмөлдөө органдары “Беш-Арча” ЖЧКсынын Бел-Алма көмүр кениндеги мыйзам бузуу аракеттерин аныкташып Акт, Протокол түзүшкөн. Ошондо да ЭКККМКнын Баткен облусундагы башкармалыгы иш козгоодон баш тарткан.

Тактап айтканда:

А). 2015-жылдын 26-августунда КР Өкмөтүнүн алдындагы Экотехинспекция пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүп, өз алдынча казуунун барлыгы жана жер кыртышын бузуу болуп жатканы боюнча Акт түзүп, протокол жазган, видео тасмага түшүргөн. Бардык материалдарды Кадамжай райондук прокуратурага тапшырган. Кадамжай райондук прокуратура бардык материалдарды Кадамжай РИИБгө өткөргөн. Кадамжай РИИБү иш боюнча иликтөө ишин өтө активдүү жүргүзө баштаган учурда Баткен областык прокуратурасы ишти алып ЭКККМКнын Баткен облусундагы башкармалыгына өткөрүп берген. ЭКККМКнын Баткен облусундагы башкармалыгы иштин ичиндеги “Беш-Арча” ЖЧКсынын мыйзамсыз аракеттерин тастыктаган  материалдарды жок кылып “Беш-Арча” ЖЧКсына иш козгоодон баш тарткан. (жок кылган далилдүү материалдарын бизден кайрадан алгандыгын тастыктап кол коюп бергендиктери боюнча кат жүзүндөгү фактыларды бир нече жолу Сиздерге бергенбиз)

Б). КР Премьер-министири С.Ш.Жээнбековдун тапшырмасын жана  КР Өкмөтүнүн өнөр жай, отун-энергетика комплекси жана кен байлыктарды пайдалануу боюнча бөлүмүнүн башчысы А.И.Акматалиевдин 2016-жылдын 30-майындагы №15-1864сандуу телефонограммасын аткаруу максатында  Баткен облусунун Кадамжай районундагы Майдан айыл аймагында жайгашкан Бел-Алма көмүр кениндеги “Беш-Арча” ЖЧКсынын ишкердигинин мыйзамдуулугун текшерүү үчүн КР өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын 2016-жылдын 30-майындагы №234 сандуу буйругу менен ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, 2016-жылдын 1-4-июнь күндөрү текшерүү жүргүзгөн. Натыйжада бир топ фактылар аныкталып тактама түзүлгөн. Ушул тактамага тиркелген материалдар иштин ичинде жок, демек жок кылынып, иш козгоодон баш тартылган!!! (жок кылган далилдүү материалдарын бизден кайрадан алгандыгын тастыктап кол коюп бергендиктери боюнча кат жүзүндөгү фактыларды бир нече жолу Сиздерге бергенбиз).

В). Кандай максатта экенин билбейбиз Баткен областык прокуратурасы иш козгоодон баш тартылган материалды Кадамжай РИИБге бергенин угуп калып, иштин ичиндеги материалдардан көчүрмөлөрдү, кат жүзүндөгү далилдерди алуу үчүн сурамаларды берүү боюнча өтүнүчч келтирип бардык.  Кадамжай РИИБ көчүрмөлөрдү, сурамаларды берди. “Беш-Арча” ЖЧКсынын Бел-Алма көмүр кениндеги мыйзам бузуу аракеттерин тастыктаган кат жүзүндөгү далилдерди топтоп, кайрадан Сиздерге кайрылдык. Баткен областык прокуратурасы ишти кайрадан Кадамжай РИИБден алып ЭКККМКнын Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай району боюнча бөлүмүнө тапшырып, КР КЖКнин 180-бер. 2-бъл. 2-бөлүмчөсү жана 221-бер. 1-бөл. боюнча иш козгогон. Бирок Баткен областык прокуратурасы жана ЭКККМКнын Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай району боюнча бөлүмү иштин ичиндеги материалдар жеткиликтүү болсо да “Беш-Арча” ЖЧКсына дагы 9 берене боюнча, Майдан айылдык кеңешинин депутаттарына, Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы А.С.Нурматовго, мурдагы Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы А.К.Мадумаровго ж.б. иш козгобогон жана Бел-Алма көмүр кенинен казып алууну токтотпогон. (бул фактыларды бир нече жолу Сиздерге бергенбиз)

Ал эми Мамгеология жогорку мыйзам бузууларды жаап жашыруу үчүн өзү КР “Жер казынасы жөнүндөгү мыйзамдын талаптарын одоно түрдө бузуп казып алууга лицензия берген.

  1. 2017-жылдын 25-августу күнү ЭКККМКнын Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай району боюнча бөлүмүнүн тергөөчүсү Р.Каракожоев жеринде барып көрүү үчүн Бел-Алмага барарын айтты. “Биз да кошо барсак болобу?”-деген сурообузга, “Эгер Майдан айыл аймагынын элинин өкүлдөрү барса жакшы болот эле. Биринчиден жардам бересиздер, экинчиден кийин бизге доомат койбойсуздар. Бирок транспортту өзүңүздөрр табасыздар, барчу күндү кийин айтам, мени “Беш-Арча” ЖЧКсы алып барат.”-деп жооп берди. 2017-жылдын 28-августу күнү 30-августа барылышын кабарлап, экотехинспекциянын инспекторун, Майдан айыл аймагынын өкүлүн ала барууну дайындады. Саат 11лерде карьерге элдин өкүлдөрү ЭКККМКнын Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай району боюнча бөлүмүнүн тергөөчүсү Р.Каракожоев, “Беш-Арча” ЖЧКсынын өкүлү М.Ш.Козуевдер менен чогуу барышкан. Экөө көмүрдөн үлгү алганы кетишкен, элдин өкүлдөрү иштеги жазылгандарды б.а. буровой койгон аянттын жоктугун (геологиялык чалгындоо болбогонун), түшүм берүүчү катмардын үймөктөлбөгөнүн, маркщейдердик белгилер калтырылбаганын, тараза жоктугун, көмүр күйүп жатканын (бир нече жолу эскертилсе да өчүрүүгө аракет кылышпаганын) тастыктоо үчүн дрондук видего тарттышкан. Видеого дрондук тартуу учурунда бардык фактылар тастыкталды. Көмүр күйүп жатат. Ал эмес лицензиялык аянтта казып алуу бүтө элек, лицензиялык аянттан тышкарыда дагы эки жерде казып алуу жүрүп жатканын аныктадык. Мыйзам бузуу менен берилген лицензиялык аянт 6,4 га болсо, бүгүнку күндө казып алуу 30 ганын чегинде жүрүп жатат.

Лицензиялык аянттан чыгып, 30га жерден өз алдынча казып жатканын жаап-жашыруу үчүн Мамгеология дагы 30га жерге лицензия берүү аракетин жасап жатканы түшүнүктүү болуп турат!!!

Элдин өкүлдөрү дрондук тартууну аяктап, карьерге келишсе  ЭКККМКнын Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай району боюнча бөлүмүнүн тергөөчүсү Р.Каракожоев, “Беш-Арча” ЖЧКсынын өкүлү М.Ш.Козуевдер кетип калышыптыр. Элдин өкүлдөрүнүн автоунаасын үч жагынан оор жүк ташуучу автоунаалар менен тосуп коюшуптур. Жолду бошотууну суранышса, кароолмун деген киши жана “Беш-Арча” ЖЧКсынын жумушчулары тарткан видеоматериалды берүүнү талап кылышып, ур-токмокко алышкан. Натыйжада элдин өкүлдөрү жөө 75 км жүрүп үйлөрүнө келишкен.

  1. Социалдык проект боюнча түзүлгөн келишимдерди (соцпакетти) да аткарбады. Тактап айтканда:

А) Соцпакетте “1 000 жумушчу орун даярдайбыз, 90%ын Майдан айыл аймагынын жашоочуларынан алабыз”-дешкен. Биз “Бул элди алдаган апыртмалуу убада. Көмүр карьеринде 1 000 жумушчу орун даярдоо мүмкүн эмес. 100 жумушчу орун даярдагыла. 90%ын эмес 60% Майдан айыл аймагынын жашоочуларынан алгыла. 40% өзүңөргө караштуу, ишенимдүү адамдар болушу керек.”-деп айтканбыз. Тилеккке каршы канча жумушчу орун даярдаганын айтышпады, бүгүнкү күнгө чейин бир дагы Майдан айыл аймагынын жашоочусун жумушка албады.

Б) Соцпакетте Кара-Жыгач айылына долбоордук баасы 21 000 000 сом болгон балдар бакчасын курабыз дешкен. Бул балдар бакчасын “Бир бол” партиясы А.С.Тагаевдин өкүлдү менен кура баштаган. Нурматова Гүлбара кууп жүрүп 500 үй-бүлөнүн ар биринен 1 000 сомдон топтогон жана кезек боюнча тамак менен камсыз кылууну милдеттендирген. КР Премьер-министири С.Ш.Жээнбековдун тапшырмасын жана  КР өкмөтүнүн өнөр жай, отун-энергетика комплекси жана кен байлыктарды пайдалануу боюнча бөлүмүнүн башчысы А.И.Акматалиевдин 2016-жылдын 30-майындагы №15-1864сандуу телефонограммасын аткаруу максатында  Баткен облусунун Кадамжай районудагы Майдан айыл аймагында жайгашкан Бел-Алма көмүр кениндеги “Беш-Арча” ЖЧКсынын ишкердигинин мыйзамдуулугун текшерүү үчүн КР өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын 2016-жылдын 30-майындагы №234 сандуу буйругу менен ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, 2016-жылдын 1-4-июнь күндөрү текшерүү жүргүзгөн. Натыйжада бир топ фактылар аныкталып тактама түзүлгөн. Ушул тактаманын 28-бетинин 3-абзацында “В селе Кара-Жыгач строится 100 местный детский сад сметной стоимостью 21 000 000 сомов. В настоящее время работа выполнена на 8 000 000 сома. Строительство детского сада закончится в сентябре месяце 2016-года“-деп көрсөтүлгөн. Бүгүнкү күнгө чейин курулуп бүтө элек. Демек комиссияны алдаган!!! Ал эмес ушул эле тактаманын 28-бетинин 1-абзацында “Детский сад Каражыгач для ремонта детского сада выделен денежный средства в размере 40 000 сомов”-деп көрсөтүлгөн. Курулуп бүтө элек балдар бакчасына акча каражатын бөлүп комиссияны алдаган.

В) Ушул эле тактаманын 28-бетинин 2-абзацында “На ремонт и строительства 4-х мостов в районе Кичик-Алай затрачено 165 000 доллар США”-деп көрсөтүлгөн. Кичик-Алайдын Майдан айыл аймагындагы бөлүгүнө көмүр ташуу үчүн бир труба көпүрөө, бир швелерден көпүрөө курушкан. Элге кызмат кылуучу бир дагы көпүрөө, бир метр жол салышкан эмес. Комиссияны алдашкан!!!

Г) Ушул эле тактаманын 28-бетинин 5-абзацында “Также, ОсОО “Беш-Арча” 27 ноября 2015-года получил от Национальной системы сертификации Кыргызской Республики Сертификат соответствия на бурый уголь марки БР, БК, БСШ, БОМ.”-деп көрсөтүлгөн. Бул сертификаттын эмне кереги бар?  Жогоруда белгиленип жаткан тактаманын 46-бетинин 4-абзацында “Согласно информации ОсОО “Беш-Арча”, представленный межведомственной комиссии, компания за период с ноября 2015г. по 31 мая 2016г. реализовала 25 125 т угля или 19 784 метркуб (удельный вес угля-1,27т/метркуб)”-деп көрсөтүлгөн. “Түштүк Кыргыз цемент” ЖАКынын берген маалыматына таянсак “Беш-Арча” ЖЧКсы 2016-жылдын 31-майына чейин “Түштүк Кыргыз цемент” ЖАКына эле (Өзбек, Тажик Республикаларына бергендерин эсептебегенде) Бел-Алма көмүр кенинен 20 000тонна БСШ маркасындагы көмүр берген. Анда БР, БК, БОМ маркасындагы көмүр 5 125 тонна эле болобу? Бизде сертификаттан көчүрмө жок, ошондуктан болжол менен бардык марка бирдей болсо анда “Беш-Арча” ЖЧКсы 2016-жылдын 31-майына чейин 80 000 тонна көмүр саткан болушу керек эле го??? Демек кирешенин ¾ бөлүгүн бекитип жатат же мамлекеттик мүлктү уурдап жатышат!!!!!

Мурда эл арасында мамлекеттик бийликке ишенбөөчүлүк пайда болуп: “Мамлекеттик бийлик барбы же жокпу?”, “Мамлекеттик бийлик коррупциядан көз карандыбы же өзү коррупцияланган бийликпи?”, “Мандатты Бел-Алманын көмүрүнө сатып алган депутаттар “Беш-Арча”га чара көрбөйт да”, “Талапкерлер президенттикти Бел-Алманын көмүрүнө сатып алат да”, “Бийликтегилер элди алдоо үчүн “коррупция менен күрөшөбүз” деп, чындыгында коррупцияны күчөтүп жатат” деген күбүр-шыбырлар болгон.

2017-жылдын 30-августундагы окуядан кийин элдин бийликке болгон ишеничи биротоло жоголуп, мамлекетти каракчылар башкарууда деген пикирге келишти.

Урматтуу  Сапар  Жумакадырович Бел-Алма көмүр кенинде мыйзам бузуу аракеттерин жасаган  “Беш-Арча” ЖЧКсына жана Бел-Алма көмү кениндеги коррупционерлерге мыйзамдуу чара көрүүңүздү суранабыз жана ушул иш боюнча аракетиңиздин натыйжасы менен Сиздин “Таза коом” программаңыздын акыйкаттуулугуна же элди алдаган алдамчылыгыңызга баа беребиз!!!!!!

  Арыз жазган Майдан айыл аймагынын тургундары:

Роза Маманова-0777779583

С.Эрмеков-0773557825

Турдалиев Т- 0772102042

Ж.б. ондогон адамдар кол койгон.

Эскертүү: Майдан айыл өкмөтүнүн тургундарынын арызы өзгөртүлбөстөн берилди.

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар